Алиев Сатыбек (1938, Чүй району) – «Манас» эпосун изилдөөчү, жыйноочу, түзүүчү. Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты. 1968-ж. КМУнун филология факультетин бүтүргөн. 1969-жылдан КРУИАнын Тил жана адабият институтунда илимий кызматкер. “Акындар чыгармачылыгынын тарыхынын очерктери” (Фр., 1988) аттуу китепке кирген белгилүү манасчылар Тыныбек Жапый уулу, Ыбырайым Абдыракман уулу, Дуңкана Кочуке уулунун чыгармачылык портрети боюнча жазылган макалалардын (Р. Сарыпбеков менен бирге) автору. Манасчы Мамбет Чокмор уулу жана Абдылда Дөөлөт уулунун айтуусунда “Манас” үчилтигинин айрым эпизоддорун жазып алган (көлөмү 20 басма табак). “Манастагы” мифтик түшүнүктөр” (“Ала-Тоо”, 1989, №2), “Манас” энциклопедиясы чыгат”, “Жаңы энциклопедия” ж. б. жыйырмадан ашуун макаланын автору. Алиев Сатыбек “Манас” энциклопедиясына кирген макалалардын тизмесинин сөздүгүн (4000 термин) түзгөн. “Манас” энциклопедиясынан орун алган оригиналдуу макалалардын жазылышынын типтүү схемасын жана критерийин иштеп чыккан жана эки жүздөн ашык макала жазган.


Колдонулган дабияттар. түзөтүү