Жапый уулу Тыныбек

Тыныбек Жапый уулу‎»‎ барагынан багытталды)

Тыныбек Жапый уулу Манасчылык өнөрдүн чон устаты,атактуу Жапый уулу 1846-жылы Ысык-Көлдүн Кайнар деген жеринде төрөлгөн. Атасы Жапый кедей болгондуктан балалык турмушу оор болгон.
Ал 14 жашка чыкканда "Манасты" айта баштап, 25 жашка чыкканда элге таанымал манасчы атыккан. Тыныбектин манас айтышы башка манасчылар сыяктуу эле түшкөрүү менен байланыштуу.
Анын айткан "Манасынан" 1898-жылы "Семетей" бөлүмүнөн үзүндү гана жазылып алынган.Ал "Манастын" баардык бөлүмдөрүн толугу менен эң жогорку көркөмдүктө айта билген.
Анын "манасты" айтуудагы өзгөчөлүгү айтуучулук чеберчилигинин абдан жогору болгондугунда.
Учурунда андан Тоголок Молдо, Донузбай, Байбагыш, Сагымбай жана башкалар таасирленип, тарбия алышкан.
Тыныбек ХIХ кылымдагы манасчылардын көпчүлүгүнө таасир берүү менен бул өнөрдүн өзүнчө мектебин түзүүчүлөрдүн бири болуп эсептелет. "Манас" эпосунун бүгүнкү көркөм бийиктикке жетишишине анын да кошкон салымы чон болгон.
Ал өзгөчө "Семетей" бөлүмүн зор эргүү менен айткандыгын эскерүүлөр далилдеп турат.Анын айтуусундагы "Семетейдин" бөлүмүнөн үзүндү кийин 1925-жылы араб алфавитинде Москва шаарынан басылып чыккан.
Тыныбектин аты манасчылык өнөрдүн тарыхында сыймык менен айтылат.

"Манас" энциклопедиясынан түзөтүү

Тыныбек Жапый уулу (1846, Ысык-Көлдүн тескейи, Кайнар айылы — 1902, Нарын өрөөнү, Байдуул-Туюк айылы) — манасчы.
Кыргыздар чыныгы эпикалык доорун башынан кыйгас өткөрүп (В. В. Радлов), натыйжада «Манас» айтуу өркүндөп, апогейине жетип турган мезгилде ошол өнөрдүн эң көрүнүктүү өкүлү катары чоң манасчы аталып, эл ичинде абдан зор кадыр-баркка ээ болгон адамдын бири.
Өз учурунун улуу манасчысы катары ал көптөгөн таланттарга таасир тийгизген.
Т-тин өзүнүн эскерүүсүнө караганда Сагымбай, Калыгул, Тоголок Молдо, Байбагыш, Дөңүзбай жана башкалар улуу-кичүү манасчылар андан таалим алышкан. Т. өзүнөн кийин жашаган бир катар манасчыларга да кайсы бир деңгээлде таасир тийгизген. Мисалы, Т. өзү окуучуларым деп эсептеген Тоголок Молдо, Калыгулдан Молдобасан Мусулманкул уулу, Байбагыштан Багыш Сазан уулу, Дөңүзбайдан Мамбет Чокмор уулу таалим алышкан.
Демек, кийин белгилүү манасчы, семетейчи болуп чыга келишкен Молдобасан, Багыш, Мамбеттер да өз устаттары аркылуу кыйыр түрдө Т-тен таасир алышкан. Колдо бар материалдарды салыштыра келгенде аталган манасчылардын варианттары да көп жагынан бири-бирине жакындык кылып, өзүнчө мектепти түзүшөт да, «анын негиздөөчүсү же эң эле бери болгондо» аны толуктап, өркүндөтүп өзүнөн кийинкилерге өткөрүп берген «эң көрүнүктүү өкүлү» деп Тыныбек Жапый уулун атоого мүмкүнчүлүк берет (С. Мусаев. Эпос «Манас», Фр. 1979, 83-б.).
Т-тин өмүр жолу жөнүндө так, кеңири маалыматтар аз.
Манасчынын өз уулу Актан Тыныбек уулу ар кимден уккан эскерүүлөрүнүн негизинде 1938-ж. жазып тапшырган кол жазма азыр негизги маалымат катары эсептелинип жүрөт.
Атасы Жапый абдан кедей болгондуктан Т. балалык кезин көбүнчө мергенчилик менен өткөрөт. 14 жашынан баштап «Манас» айта баштап, 25 жашка чыккан кезинде кыргыздын атактуу манасчыларынын катарына кошулуп, даңкы элге кеңири тарайт.
Өз учурунда өтө даңазалуу манасчы болгонун Назар манасчы менен болгон айтышы күбөлөйт.
«Ошо кезде элдин бир бөлүгү Назар кыйын манасчы дешсе, экинчи тарабы Тыныбекке жетери жок дешип талашып калучу экен. Ушундан улам көлдөгү атактуу манап Чыныбай Назар менен Тыныбекти айтыштырып көрөт. Буларга Манас баатырдын өлгөнүнөн тартып күмбөз салдырганына чейин айткыла деп тапшырылат. Адегенде Назар айтып бир жарым күндө бүтөт. Ал күмбөздү Надыр деген устага салдырат. Анан Тыныбек да бир жарым күн айтат. Бирок, Тыныбек күмбөздү Анжыян, Наманган жактагы Арстан деген эшенге салдырат. Буларды угуп олтурган мыктылар: Манастын күмбөзүн же олуя же Тыныбек айткандай эшен салбаса, мынча кылымдар бою ал күмбөз турат беле деп, Тыныбектин айтканын туура табышат. Тыныбек жеңип чыгып, жүз сом акча жана бир ат байге алат» (Кол жазмалар фондусу, 222-инв., 12-б.).
Мына ушундан тартып Т-тин даңкы дагы көтөрүлүп, аны кыргыздын Шабдан, Байтик, Сооронбай, Өзбек өңдүү атактуу манаптары да чакыртып ырдатышат. Аталган манаптар бир жолу Токмоктун түштүк тарабындагы Сооронбайдын багы деген жерге чогулуп Т-ке 30 күн удаа «Манас» айттырышкан экен.
Өз доорунун улуу жомокчусу Т-ти чоң жыйынга чакыртылып, эл алдында «Манас» айткан бир учурун санжырачы Б. Солтоноев мындай мүнөздөйт: «1896-жылы күз айында болгон Каракол, Пишпек, Нарын, Токмокко караган бүткүл кыргыздарга Көтмалдыда съезд болуп, ошондо Тыныбектин «Манас», «Семетейди» айтканын үч күн чамасында уктум.
Ошондо болжолу 45—48 чамасындагы семиз, толук денелүү, өзү кызыл чийкил, бети толук, сакал-муруту кичине, күрөң киши экен. Өзү бий экен. Съездде отурду. «Манас», «Семетейди» айттырууга уездден сурап алып, съездге жибербей айттырып турду. Эл съездге көп карабастан күндүр-түндүр анын үстүндө болду. Күн баткандан таң атканча айтканда 200— 300 киши уктабастан карап олтурганын көрдүм» (Кол жазмалар фондусу, 1057-инв., 511-б.), — деп жазат.
Жогоруда айтылгандарга карап Т. «Манасты» жалаң бийлөөчү төбөлдөрдүн арасында айтып өткөн деген ой келүүгө тийиш эмес.
Ал өзү кедей бүлөдөн өсүп чыккандыктан «Манасты» да алгач ошол чөйрөсүндө айтып жүрүп чоң манасчы катары калыптанган. Ошол калың элдин арасында таланты өтө даңазалуу, кадырлуу болгондуктан бийлөөчүлөр ага кызыгышкан.
Т. өзү айткан «Манасынын» аркасы менен бийликке жетип, жогорку чөйрө менен аралаша жүргөндө да, жатакчылардын айлына атайы келип, аларды сурандырбастан такай «Манас» айтып берип жүргөнү белгилүү.
Т-тин «Манас» айтуудан башка чыгармачылыгы жөнүндө Кыргыз Илимдер академиясынын Тил жана адабият институтунун Кол жазмалар фондусунда сакталып турган маалыматтарга жана фольклор изилдөөчүсү К. Рахматуллиндин билдирүүлөрүнө караганда ал бала кезинен эле ырга шыктуу келип, «Манас» айтууга чейин ыр чыгарып, ырдап жүргөндүгү эскерилет.
Жаш кезинде кийик уулап жан баккан Т. кээде жатакчылардын айлына барып калганда: «Кандай өнөрүң бар» деген элдин суроосуна: «Туяна» деген ырым бар. Баатырлар Туянаны таң атканча айтамын дечү экен. Ал чыгарма сакталып калбагандыктан эмне жөнүндө баяндаганын ачык айтуу кыйын.
Айрым болжолдоолорго караганда социалдык теңсиздикти чагылдырган лирикалык чыгарма болгон. Башка манасчылардай эле Т. да өзүнүн «Манас» айтып калышын түш көрүү кереметине байланыштырат.
Он сегиз жашында Каракол шаарына бара жаткан жолдо Бир-Кулак деген жерде калган эки-үч түтүн жатакчылардын үйүнө түшөт. Ырдап берип, жатакчылардын көңүлүн ачып олтурган Т. түн ортосу ченде эшиктеги атынын жанына жатып уктап калат.
Түшүндө «Бир-Кулактын күн батыш жагы көлдүн кашатындагы дөбөлөрдө түрү башкача көрүнгөн, чоң-чоң ат минген, кылыч, мылтык, найза менен куралданган, эң бир сүрдүү, айбаттуу көп адамдардын арасында болуп калганын көрүп, өзүнөн өзү коркуп калтаарып турат. Ал турган адамдардын ичинен түлкүдөй сур ат минген төөнүн жүнүнөн боз таар чепкен кийген, көзүнөн от чыккан, маңдайы жазы, мурду кырдач, жаңыдан чыгып келе жаткан жээрде муруту бар, эрди жука, орто бойлуу сары чийкил жигит:
— Ой, Тыныбек, бери басып мындай кел, — деп жанына чакырып, — Турган элдин баарын тааныштырайын, жакшылап байкап, таанып ал, — деп алдындагы катарлаш элди карап, колун сунуп, бир-бирден көрсөтүп, ыр менен сүрөттөп тааныштырат. Бүткөн бою балкып карап турган Тыныбекке Көлдүн күңгөй жагын көрсөтүп:
Тээтеги маңдайкы карарган калың эл Коңурбайдын колу. Бизди кууп келе жатат. Бирок, биз эми тосуп туруп алдынан кайра жапыра сайып, тымтыракайын чыгарып кетебиз. Алардан качкан бойдон кетпейбиз. Эми Тыныбек, эртең конгон жериңде бир кара кой союлат. Ошону Манас баатырдын арбагына атап койгун. Ошо кой союлган жердеги элге Манас баатырдан ырдап бер. Эгер баатырды айтып жүрбөсөң майып болуп каласың дегенде, Манас баатыр:
-Ой, Тыныбек, биздин ушул жүрүшүбүздү таштабай айтып жүр, — деп кылчая караганда Тыныбек аны тике бага албай:
Макул, баатыр, — дейт.
Жүргүлө, тигини тосуучу убак болуп калды, — деп күңгүрөнгөн айбаттуу каңырт угулуп, калың эл дүрбөп жөнөшөт. Жердин бети уюган чаң болуп, кайда кеткени билинбей, жер дүңгүрөгөнсүп калат».
Т. бир оокумда түшүнөн чочуп ойгонуп, мамыда байланып турган атынын жанына салынган төшөгүнүн үстүндө кара терге түшүп чарчагансып, жылаңайлак, жылаңбаш отуруп турганын сезет. Таң сүрө атын отко коюп, түшүндө өзү көргөн жерге барса, дөбөнүн тегерегинде орто кемегедей, табактын оозундай болгон жылкы издерин көрөт.
Жылаңайлак кишинин изине таң калган Т. өтүгүн чечип, бутун ченегенде кудум өзүнүн баскан изиндей болуп көрүнөт.
Кийинки күнү Шалбадагы жыйырма чакты үйлүү жатакчылардын айылына барып түшөт. Ал жердеги жатакчылар Т-тин өнөрүн угуу үчүн чогулуп бир кой союшат. Союлган кой чынында эле түшүндөгү сары чийкил жигит айткандай кара болот. Ал койду Т. ичинен Манастын арбагына багыштайт да, шакылдатып «Манас» айтып жатып, талып жыгылат. Бул анын эң алгач өз алдынча аткарган — бет ачар «Манасы» болучу. Ошондон кийин Караколго баратып да, кайра келе жаткан жолдо «Манасты» эки күн, бир түн айта берген.
Үйүнө келгенден кийин да айтып жүрөт. Бирок, эл алдына чыгып ачык айтпастан, өзүнчө ээн жерде же түн ичинде алачыгына жатып алып айтып өзүнчө машыккан.
Эки жыл өткөндө Тыныбек «Манасты» ырдайт экен деген сөздөр атасы Жапыйга угулат. Ал айылдаштарын чогултуп чыгармачыл таланты жаңыдан ойгонуп келе жаткан Т-ти «Манас» айттырып көрөт да:
—Бул баламды чоң манасчыларга жиберип, алардан үлгү алдырып, анан элге ырдагыдай кылайын деп, өз доорунун эң таланттуу жомокчусу Чоңбаш (Нармантай) манасчыга жиберет. Атактуу жомокчу Чоңбаш баланын сергектигин, зээндүүлүгүн байкап, жарым жылча жанына алып жүрүп, таалим берет. Т. анын аткаруусундагы артык үлгүлөрдү чыгармачылык менен өздөштүрүп, өзүнө сиңирет.
Үйүнө келген учурларда устатынан үйрөнгөнүн өөрчүтүп, эл арасында аткаруусун күчөтөт. Он, он беш күн аңчылыкта жүрүп тапкан олжосун ата-энесине таштап, кайра Чоңбашка барат. «Манасты» ырдаганда ырын угуп, ырдабаганда Манас баатырдын тарыхын сурап үйрөнгөн.
Т. мындан кийин көл башындагы Келдибек, Акылбек жомокчуларга барып, бир ай жүрүп, алардын «Манасын» угуп, мурдагы үйрөнгөндөрүн дагы толуктаган.
Ошондой эле айтылуу Балык манасчыга жолугуп, анын да таалим тарбиясын алган жана Манастын тарыхын үйрөнүп келген, Т. аталган манасчылардан үлгү алуу менен чектелип калбаган.
Эл Т-тен «Манасты» кантип үйрөндүңүз деп сураганда ал көп кишилерден сурап, көп адамдар менен аңгемелешүү, үйрөнүү аркасында билдим жана толуктап айттым деп жооп берген. Сенден үйрөнүп жүргөн кишилер барбы деген суроолор болгондо, менден сурап, үйрөнүп, жазып алып жүргөндөр бар. Алар — Сагымбай, Калыгул, Тоголок Молдо, Байбагыш, Дөңүзбай жана башкалар бар деп жооп берчү экен.
Т-тин чыгармачылыгын белгилегенде анын акындыгы өз кезегинде таланттуу манасчы Чоңбаштын таасиринде болгондугу талашсыз. Т. белгилүү манасчылар Балык, Келдибек, Назардын айтуусундагы жомокту да уккан.
Айрым манасчыларга өзүнүн каалоолорун айткан учурлары да болуптур. Манасчылар Акылбек менен Дыйканбайга «Манас» айттырып көрүп, «Дыйканбайды сен, балам жорого айт, Акылбек сен жыйылган топко, калың элге айт» (Кол жазмалар фондусу, 1093-инв., 2-б.), — деп айткан экен. Анын айтуусуна караганда жогоруда аталган манасчылардын ичинен Чоңбаштын таланты жогору бааланып, андан өтөрү болгон эмес экен.
Т. өз тукумунан өзүнүн жолун улантуучу манасчы калса экен деген тилекте болгон. Ал өлөр алдында баласы Сооронбай менен жээни Байбагышты ырдатып көрүп: «балам Сооронбай, сен көп арбыта албайт экенсиң, Байбагыш болсо дурус жомокчу болуп калган экен», — деп ыраазы болот.
Айрым адамдардын өз демилгелерин эске албаганда, революцияга чейин элдик оозеки чыгармачылыкты кагаз бетине түшүрүп, чогултуп алууга атайы көңүл бурулбагандыктан, даңазалуу жомокчу Т-тин «Манасын» жазып алуу иши да тиешелүү деңгээлде колго алынбаган. Болгону «Семетей» бөлүмүнөн кичинекей бир эпизод жазылып калтырылган. Анын жазылыш тарыхы Т-тин өзүнүн эскерүүсүндө мындайча болгон: «1898-ж. Нарын участковою «Манас», «Семетейди» жазып бергин деп буйрук кылган. Аны жаздырып алуудагы максаты кандай экенин ачык билбегендиктен «Семетейден» айрым үзүндүлөрдү гана жазып толук бергеним жок», — деп эскерген.
Манасчы өзү, ошондо Т. кайсы эпизоддорду жазып бергени бизге белгисиз. Бирок, совет доорунда анын айтуусунда өзүнчө китеп болуп жарык көргөн «Семетейдин» үзүндүсү ошол материалдан болуу керек деп болжоого болот.
Ал китеп «Семетейден бир бөлүм». Тыныбек жомокчунуку» деген ат менен 1925-ж. Москвада СССР элдеринин борбордук басмасынан жарык көргөн. Аны басууга даярдаган Э. Арабаев болгон. 184 беттен турган жөнөкөй боз мукабалуу бул китеп кара-кыргыз илим комиссиясы тарабынан чыгарылып, араб тамгасы менен басылган.
Анын кыскача сюжети төмөнкүчө: Чынкожо, Толтой Акункан дын шаарын камап, кызы Айчүрөктү зордоп алууга аракет кылышат.
Олжо катын болууну каалабаган Айчүрөк өз сүйгөнүн таап, элин баскынчылардан бошотуу үчүн ак куу кебин кийип Семетейди издейт.
«Семетейдин» вариантынын көпчүлүгүндө ак куу кебин кийип, асмандан учкан Айчүрөк капыр менен мусулмандын бир нече баатырларын сынап өтсө, Т-те Коңурбай менен Музбурчак экөөнү гана сынап өтүп, кудалашып койгон күйөөсү Семетейди купулуна толтуруп, анын ордосуна жакын жердеги секиге келип түшөт.
Ордодон чоюлуп чыккан Чачыкейге узун булак бакчага барган жеринен жолугат. «Манас» эпосунда Чачыкейдин көйрөң мүнөзү, ага жараша көз карашы, жүрүм-туруму өзүнчө көркөм ыкта сүрөттөлүп, бирок кыска берилген. Айчүрөк каардуу жоонун курчоосунда калган эли-жерин жана өзүнүн башын бошотуу аргасы менен «баатыр болсо Семетей, мени куткарып калабы, билип берчи эжеке» деп Чачыкейге жалынат. Чачыкей текеберлене:

Чачы куудай болгончо,
Тиши буудай болгончо,
Акункан дын төрүндө
Көп отуруп зак болгон,
Саамайың куудай ак болгон, — деп Айчүрөктү кордогондо анын пейли кескин өзгөрүп, кайратына келет.

Чачыкейдин сөзүнө арданган Айчүрөк ак куу кейпине келип учканы жатып: «баатыр үйдө калса сеники, талаага чыкса меники», — деп Семетейди кантип алып кетери жөнүндөгү үч шартын коюп, була болуп жолдон жолугарын, балык болуп көлдөн көрүнөрүн, ак куу болуп Өрдөк-Көлдө жатарын, акыры амал менен алып кетерин айтат.
Семетейдин ууга чыгышы, Чачыкей көргөн түшүн Канчоро менен Күлчорого айтып, жолдон Семетейге була алдырбоону, балык карматпоону, ак кууга кушун салдырбоону өтүнгөнү, Айчүрөктүн амал менен Акшумкарды алып кетиши сыяктуу окуялар «Семетейдин» азыркы колдо бар көптөгөн варианттарына окшош.
Акшумкарды алып кеткен Айчүрөктү издеп Семетейдин барышы, Үргөнчтүн суусунан өтүү, Айчүрөктүн тосуп алышы жана Семетейдин Айчүрөккө үйлөнүшү менен окуя бүтөт.
Жазуу учурунда айтуучу эл астында айтканындай кенен эмес, кыскартып чолуп жаздырган (Т. кийин бул жөнүндө өзү эскерген), басуу учурунда мурунку жазылган тексттин кээ бир барактары жоголуп кетиши (басылып чыккан китепте жоголуп кеткен беттер атайы көрсөтүлгөн) сыяктуу кемчилигине карабастан бул үзүндү Т-тин чоң манасчылык дареметинен аздыр-көптүр кабар бере алат.
Ырас, Семетейдин Айчүрөккө үйлөнүшү эл ичинде кеңири белгилүү болуп, анын сюжети өтө такталып, туруктуу бир канонго түшкөндүктөн Т-тен жазылып алынган үзүндү да сюжети жагынан башка варианттардан анча айырмаланбайт, ар бир мотивине чейин окшош.
Бирок, ошол баарыга белгилүү окуяны көркөм бере билүү жагынан өзгөчөлүгү, чеберчилиги байкалбай койбойт. Мисалы, Айчүрөк Семетейди адеп көрүп сынаганда анын сын-сыпаты төмөнкүчө көрүнөт:

Эр Семетей баатырың,
Кара көздөн нур жанган,
Качырына кан тамган,
Сакалы саадак кабындай,
Жакшы чыккан муруту
Чоң балтанын сабындай,
Аркасында айдары
Аргымактын жалындай,
Муруту чөлдүн камыштай,
Мурду тоонун сеңирдей,
Көзү көлдүн буткулдай,
Тиктегенин жуткудай,
Чоңдугу төөнүн нарындай,
Толкуну көлдүн шарындай,
Ысыгы жайдын аптадай,
Суугу сырттын шамалдай,
Качырганы жолборстой,
Кармаганы илбирстей,
Курчтугун көрсөң албарстай,
Кеңдигин көрсөң Таластай,
Эрдигине карасаң
Атасы өткөн Манастай,
Маңдайынан карасаң
Кара кашка тынардай (Кол жазмалар фондусу, 222-инв., 34-35-б.).

Манасчы мында сырткы сын-сыпатын, келбетин табияттагы күчтүү, сүрдүү, шаңдуу көрүнүштөргө, жаныбарларга, буюмдарга салыштыруу менен элдик баатырдын монументалдуу элесин — идеалдуу портретин жараткан.
Ырас, ушул эле сүрөттөөнү ушул эле түрүндө же түрдүү вариацияда манасчылардын кийинки өкүлдөрүнүн көпчүлүгүнөн жолуктурабыз. Алардын көпчүлүгү Т-тин шакирттери болгон, демек бул сүрөттөөлөр аларга Т-тен оошкон деп айтышка негиз бар. Т. анын айрым саптарын өзү жаратса, айрымдарын өзүнөн мурунку улуу манасчылардан кабыл алуу менен кийинки муундарга өткөргөн.
Т. Семетейди гана эмес, «Манастагы» ар бир негизги каарманга жекече мүнөздөмө берип, жекече портретин жаратканын, анын түшүндө уккан «Манасы» катары эсептелген материал да ырастайт. Бул материал боюнча Т-тин түшүнө кирген Күлчоро: Манас, Алмамбет, Бакай, Чубак, Сыргак, Семетейдин ар бирин көрсөтүп, алардын өз-өзүнчө сын-сыпатын айтып берет. Мисалы, анда Бакай мындайча сыпатталат:

Көкчолок сындуу ат минген,
Көк-Күбө сындуу тон кийген,
Ак сакалы чүчтөдөй,
Устуканы мистедей,
Күлүмсүрөп сүйлөгөн,
Күлдү журтту бийлеген,
Чырымталын жойбогон,
Чырайы кетип оңбогон,
Маңдайында тырыш жок,
Ак жүзүндө бырыш жок,
Сүлөөсүндөй керилген,
Сүйлөсө адам эриген,
Караңгыда жол тапкан,
Карыя Бакай, ак сакал

К:ак ошону таанып ал (Кол жазмалар фондусу, 222-инв., 1—З-б.), — деп биринчи катарда турган беш баатырдын (Манас, Алмамбет, Бакай, Чубак, Сыргак) сүрдүү сымбаты салыштыруунун эң кооз, элестүү үлгүлөрү менен тартылган.
Т-тин төкмөлүк өнөрү да күчтүү өнүккөнүн өлөр алдында өзү айтып жүргөн «Манасы» менен коштошкон төмөнкү ыры буга күбө:

Ырдасам элим кубанган,
Даңкымды элге чыгарган,
Ырыскы болуп мен үчүн,
Дөөлөткө сыймык улаган.
Казандаган калың журт
Кануучу беле кумардан.
Баатырдын атын укканда,
Барлык эл сүйүп чакырган.
Тарыхы сөзүн угууга
Далайлар киши чаптырган.
Таштабай айттым сөзүңдү
Өзүмө-өзүң тапшырган.
Тагдырга жакын болгон бейм,
Танып барам акылдан.
Кыргызга нускам калбады
Кыраан Манас баатырдан,
Арманым ушул калайык
Арбактуу эрди таштабай
Айтса экен элим артымдан (Кол жазмалар фондусу, 222инв., 29-34-б.).

Т. каза болгон күнү ай тутулган. Улуу манасчынын талантын жогору баалап, ыйык туткан эл бул кубулушту анын өлүмү менен байланыштырып, табияттын да аза күтүүсү катары аңыз сөз кылышкан.
Т. «Манасты» көпкө айтпай калган учурларында буулугуп кетчү экен. Ал эми аны аткарган учурда, өзү эпикалык каармандардын арасында жүргөндөй болуп, түрдүү окуяларды элестеп кетем дечү экен.
Бул анын чыгармачылык шыктанышынын канчалык күчтүүлүгүн, поэтикалык дүйнөсүнүн кеңирилигинен кабар берет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

"Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4