Аллопатриялык түр пайда болуу
Аллопатриялык түр пайда болуу (гр. аllo - ар башка, patria - мекен) – түр пайда болуунун бул жолун кээ бир убакта географиялык түр пайда болуу деп да атап коюшат. А. т. п. б-да кеңири таралган түрдүн тиричилик-мейкиндиги бөлүкчөлөргө бөлүнүп, түрдүн популяциялары бири биринен обочолоно башташат да, баштапкы тегинен айрымаланууга алып келет. Түр пайда болуунун бул жолу узакка созулат. Ареалынын обочолонуусунун натыйжасында репродукциялык обочолонуу жүрөт. Мисалы, ландыштын, тоту куштун түрлөрүнүн пайда болушу.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Биология: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. -Б.:2004, ISBN 9967-14-002-4
Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот.
|