Алма-Була кениОш областынын Чаткал районундагы молибден жана сурьма рудасы чыккан жер. Терек-Сай кыштагынан туштук-чыгыш тарапта, Чаткал кырка тоосунун туштук капталында. Кен 1950-ж. табылып, геологиялык маалымат берилген. Кен аймагын палеозойдун башталышында пайда болгон слюда-кварцтуу сланец жана аны жиреп чыккан аплит түспөлдүү плагиогранит тектери түзөт. Булар тектон жаракалар менен тилмеленген. Кен негизинен терең жаракалардын кесилишкен жеринде жайгашкан. Жараканы бойлой гидротермдин таасиринен өзгөрүп, кварцташкан, пириттешкен, чанда серпентин-дешкен тилкелер жатат. Жаракалардын кесилишиндеги молибден руда тарамдарынын калыңд. 0,6—0,8 м, уз. 15 жге чейин. Негизги минералдары: молибденит, антимонит, галенит, цинк, арсенопирит ж. б. Рудалар текстурасы боюнча сепкилдүү-чачыранды, брекчия сымал, темгилдњњ болуп бөлүнөт.