Американын ачылышы — "Эски Дүйнөнүн" жашоочулары үчүн дүйнөнүн жаңы бир бөлүгү — эки континенттен турган Американын ачылуусу ишке ашкан окуя. [[Файл:Christopher_Columbus3.jpg|link=https://ru.wikipedia.org/wiki/%D0%A4%D0%B0%D0%B9%D0%BB:Christopher_Columbus3.jpg%7Cright%7Cthumb%7C340x340px%7C[[:ru:Пуэбла,_Диоскоро|Диоскоро(жеткиликсиз шилтеме) Пуэбла]]. «Колумбдун Америкага конуусу» (1862-жылкы картина)]]

Колумбга чейин Америка менен болгон байланыштар түзөтүү

Болжол менен 30 миң жыл илгери Беринг кысыгы аркылуу Азиядан көчүп келип, Американы биринчи жердеген адамдар жергиликтүү индеецтердин ата-бабалары болушкан.

Колумбга чейин Америка менен болгон байланыштар — бул 1492-жылы Христофор Колумб Американы ачканга чейин бир тарабы Америка болгон, экинчи тарабы Эски Дүйнөнүн цивилизациялары — Европа, Азия, Африка, Океания болгон эки жактын ортосундагы байланыштардын болуп-болбогону тууралуу талаш-тартыштар. Бул жаатта фантастикалык да, кайсы бир деңгээлде илимий чындыгы бар болушу мүмкүн да болгон көп сандаган гипотезалар бар.

Арабия түзөтүү

7-кылымда (хижра боюнча 1-кылымда) курайш уруусунан Амр ибни Ас деген сахабанын тууганы болгон Укба ибни Нафия деген кол башчы Африка материгинин түндүк бөлүгүн каратып, ошондо «Караңгы деңиз» деп аталган Атлантика океанына жеткенде Аллахга кайрылып, ушундай дуа кылган дешет: «Оо, Аллах! Ушул деңиздин ары жагында жер бар болсо, Сенин атыңдан ал жакка келимени жеткирүү үчүн муну кечип өтмөкмүн». Бул маалымат төмөнкү атактуу ислам тарыхчыларынын китептеринде жазылуу: 9-10-кылымдагы ат-Табаринин «Пайгамбарлар менен падышалардын тарыхы», 12-13-кылымдагы Ибни аль-Асирдин «Толук тарых», 14-кылымдагы Ибни Касирдин «Башат жана аяк» жана аз-Захабинин «Атактуу татыктуу адамдардын өмүр баяндары» деген китептеринде катталган.

Ошол эле кылымда жашаган атактуу аалым табиин Имам Амир аш-Шааби таң калычтуу мындай бир маалымат айткан: «Чындыгында, Аллахдын Андалусиядан дагы ары жакта жашаган кулдары бар. Биз Андалусиядан канчалык алыс болсок, алар да андан ошончолук алыстыкта. Алар Жаратканга тоң моюндук кылуу мүмкүн эместигине ишенишет. Алардын талаалары – берметтер жана лаалдар (асыл таштар), алардын тоолору алтын менен күмүшкө толо. Алар жер айдашпайт, эгишпейт жана алар иштешпейт. Алардын босоголорунда аларга азык болуучу мөмөлүү жана кийим катары колдонулуучу чоң жалбырактары бар дарактар өсөт». Мындай мааалымат 10-кылымда жашаган аалым Абубакр аль-Халлалдын «Соодага, өндүрүшкө жана эмгекке үгүттө» деген эмгегинде жазылып калган жана мында америкалык индеецтер жөнүндө сөз болуп жаткандыгында талаш жок.

9-10-кылымда, башкача айтканда, хижранын 3-кылымында жашаган араб тарыхчысы аль-Масуди өзүнүн «Алтын кендер жана асыл таштардын катмарлары» деген китебинде кордовалык аль-Хашхаш ибни Саид ибни аль-Асвад деген саякатчынын кемеси менен «Караңгы деңиздин» ары жагындагы жерге чейин жеткендигин жазган. Ал саякатчы Атлантиканын ары жагындагы жерден 889-жылы кайтып келип, суунун ары жагында жашаган адамдар жөнүндө айтып берген.

12-кылымда, хижранын 6-кылымында жашаган араб географы Мухаммед аль-Идриси чийген белгилүү картаны карай турган болсок, Морокко менен Европадан ары «Чоң жер» деп аталган бир континент жайгашкандыгын байкоого болот. Ошол эле автор «Жолдор жана падышалыктар» деген китебинде мусулмандарга караштуу Лиссабон шаарынан чыккан жаш саякатчылар жөнүндө сөз кылат. Анын айтымында, ошол саякатчылар кайсы бир континентте жашаган адамдар тууралуу, алардын арасында арабдар болгондугун айтып келишкен. Демек, 12-кылымга чейин эле Америка материгине көчүп барган адамдар болгон жана алар ал жакта мусулманчылыктын жайылуусун камсыздашкан.

Викингдер түзөтүү

IX—XI кылымдарда скандинав-викингдер европалыктардын ичинен биринчи болуп, Америкага барышкан.

Африка түзөтүү

 
Африкадагы(жеткиликсиз шилтеме) Мали империясы, 14-кылым.

14-кылымда, хижранын 8-кылымында жашаган Шахабуддин аль-Умари деген ислам тарыхчысы «Ири шаарлары бар мамлекеттерди кароо жолдору» деген китебинде кызыктуу бир окуяны эскерет. Бул окуяны Афракадагы Мали деген мусулман мамлекетинин Манса Муса аттуу башкаруучусу 1324-жылдагы ажылык сапарында ошол тарыхчыга жолугуп калып, айтып берген. Анда Манса Мусага чейинки император болгон II Абубакр 1311-жылы тактыдан баш тартып, 200 кеме даярдаткандыгы жана Атлантика океанынын ары жагына экспедиция уюштургандыгы, бирок алар кайтып келишпегендиги айтылат. Айрым тарыхчылардын пикири боюнча, II Абубакр жана аны менен кеткен африкалыктар Америка материгине жетип, ал жакта жашап калышкан жана алардын урпактары азыр да бар. Анткени, кийин Христофор Колумб барганда, ал америкалыктардын арасында африкалыктар да бар экендигин жана алар африкалык усул менен алтын иштететишкендигин көрүп жазган. Бул боюнча башка да далилдер Американын Радгерс университетинин профессору Иван Ван Сертиманын «Алар Колумбга чейин келишкен» деген китебинде, малилик акын Гауссу Диаваранын «II Абубакр» деген китебинде да келтирилет.

1880-жылы мексикалык тарыхчы Мануэль Ороско-и-Берра өзүнүн «Колумбга чейинки Америкадагы индеецтердин акыбалы» деген китебинде Борбордук Америкадагы Бразилия аймагы кара терилүүлөрдүн колониясы болгондугун жазган. 1920-жылы америкалык еврей тарыхчы Лео Винер өзүнүн «Африка жана Американын ачылышы» деген китебинде «Христофор Колумб Америкада мусулмандар бар экендигин жакшы билген» деп жазат. 2000-жылы испаниялык герцогиня Медина-Сидония (Луиса Исабель Альварес де Толедо) хансарайдан мусулман дооруна таандык арабча жазылган эски документтерди таап алып, аны «Америкага каршы Африка» деген китебинде жарыялаган. Эски документтерде Америкада Колумб барганга чейин жашаган мусулмандар тууралуу маалыматтар болгон.

Кытай түзөтүү

Американын алгачкы ачуучуларынын катарында 14-15-кылымдагы Чжэн Хэ деген мусулман кытай адмиралы да болгон. Бул тууралуу Гэвин Мэнзис деген англиялык автор «1421: Кытай дүйнөнү ачкан жыл» деген китебинде жазып чыккан.

 
Чжэн Хэнин саякаттаган маршруту

Мусулман кытайлар азыркы дунгандардын ата-бабалары болушкан жана алар 14-кылымда моңголдорго каршы кытайлардын боштондук көтөрүлүшүндө негизги роль ойногон күчтөрдүн бири болушкан. Кытайда мусулмандар 8-кылымда пайда боло башташкан жана аларды хуэй деп аташкан. Мусулман кытайлар моңголдордун доорунда, Мин династиясынын мезгилинде да маанилүү мамлекеттик кызматтарга дайындалып турушкан. Алардын бири – Чжэн Хэ деген саякатчы, дипломат жана адмирал. Анын ата-бабалары моңголдор тарабынан Кытайга көчүрүлгөн орто азиялык мусулмандардан болгон. Ал Чжу Ди деген кытай ханзаадасынын кызматчысы болгондуктан, кийин Чжу ди император болгондо, Чжэн Хэ да жогорку кызматтарга дайындала баштаган. 1405-жылдан 1433-жылга чейин, 28 жыл бою Чжэн Хэ 250 кемеден турган кытай флотунун жети чоң саякатын жетектеген.

Андалусия мусулмандары түзөтүү

15-кылымда Испанияны бириктирип, күч колдонуу менен католикчиликти жайып, еврейлер менен мусулмандарды куугунтукташкандыгы менен тарыхта калган Кастилиялык Изабелла жана Арагондук II Фердинанд 1492-жылы италиялык деңизси Христофор Колумбга «Американы ачууга» тапшырма беришкен. 1493-жылы Христофор Колумб өз күндөлүгүндө минтип жазат: «Бул жактагы адамдар Гранададагы мусулман аялдар кийинген кийимдерге окшош көйнөктөрдү кийишет». Ал Кубадан мечитти көргөндүгүн да жашырган эмес. Бирок, ошондо Американын аларга чейин эле мусулмандар тарабынан ачылганды боюнча маалыматты атайын саясий тапшырма менен коомчулуктан жашырууну чечишкен. Ошондуктан Колумбдун Индияга сапар тартып, бирок Америкага туш болгондугу жана ошентип андагы аборигендерди «кызыл терилүү индеец» деп атагандыгы тууралуу уламыш ойлоп табылган.

1564-жылы француздар чийген Америкадагы өздөрүнө караштуу Флориданын картасын карасак, анда мусулмандарга караштуу Морокко менен Андалусиянын шаарларына окшош шаарлардын аталыштары кезигет. Демек, бул шаарларда европалыктардан мурда барган мусулмандар жашашкан десе болот.

Осмон империясы түзөтүү

 
Азыркы(жеткиликсиз шилтеме) сүрөт менен Пири-рейистин картасын салыштыруу.

1929-жылы түркиялыктар бугунун терисине чийилген карта таап алышып, анда да Америка тууралуу кеңири маалыматтар берилгендигине күбө болушкан. Тактап айтканда, 1513-жылы Ыстамбулда Осмон империясынын адмиралы жана картографы болгон Пири рейис (Ажы Мухиддин Пири ибн Ажы Мехмед) таң каларлык бир карта чийип калтырган. Картада Европанын батыш жээктери, Түндүк Африканын жээктери жана Бразилиянын жээктери менен Түштүк Американын чыгыш учтары көрүнүп турат.

Христофор Колумбдун экспедициялары түзөтүү

Христофор Колумб "Жаңы дүйнөгө" төрт жолу экспедиция жасаган жана аларды Индия менен соода-сатык жүргүзүү үчүн кыска жол табуу үмүтү менен испаниялык католик королдору уюштурган. [[Файл:Viajes_de_colon_en.svg|link=https://ru.wikipedia.org/wiki/%D0%A4%D0%B0%D0%B9%D0%BB:Viajes_de_colon_en.svg%7Cthumb%7C300x300px%7C[[:ru:Христофор_Колумб|Христофор(жеткиликсиз шилтеме) Колумбдун]] төрт саякаты, 1492—1503]]

1-экспедициясы түзөтүү

2-экспедициясы түзөтүү

3-экспедициясы түзөтүү

4-экспедициясы түзөтүү

Натыйжалар түзөтүү

Колумб тарабынан Американын ачылуусу Улуу географиялык ачылыштарга, Колумдук алмашууга, трансатлантикалык кул-күң соодасына жана колониализмге жол ачкан, анын аркасынан Батыш дүйнөсүнүн башкаларга үстөмдүк кылуусуна алып келген.

Кошумча түзөтүү

Адабияттар түзөтүү

  • Жихад ат-Турбани. Ислам үммөтүнүн 100 улуу адамы.