Анжелика Кайратова

Кыргызстандык ырчы жана актриса

Анжелика Кайратова (мурда Анжелика Бекболиева ; 12-июнь 1989-жылы, Фрунзе, Кыргыз ССРи[2]) — кыргызстандык ырчы, жеке ишкер, алып баруучу, актриса, мотиватор ,  «Бактылуу Айым» реалити көрсөтүүсүнүн автору, «Адилет» телесериалынын продюсери[1].

Анжелика Кайратова
Негизги маалымат
Төрөлгөндөгү ысымы

Турдушаева Анжелика Кайратовна[1]

Туулган датасы

12 -июнь 1989(1989-06-12) (34 жаш)

Туулган жери

Фрунзе, Кыргыз ССРи, СССР

Өлкө

 Кыргызстан

Кесиптери

ырчы, актриса, телеалыпбаруучу, продюсер

Жанрлары

эстрада

Активдүү жылдары

1997 — азыркы учурда

Super.kg: ID 61

«Лика» косметика жана атырлар брендинин, сулуулук салонунун негиздөөчүсү[3]. «САДАКАДА БИРГЕ» кыймылын жүргүзүп, мүмкүнчүлүгү чектелген наристелерге 15 жылдан бери жардам берип келет. «Кыргызстан Айымдары» жамаатын жетектеп, ашар менен таза суу чыгаруу ишин алып барууда. "El Travel" туристтик агенттикти негиздеген. Star kg продюсердик борборунан маданият тармагында окуучулары бар. "Алания Хомс  Түркия" курулуш компаниясынын Кыргызстандагы өкүлү. Малайзиянын "М international" дүйнөлүк компаниясынын Кыргызстандагы жетекчиси.

Өмүр баяны түзөтүү

Анжелика 1989-жылы 12-июнда Фрунзе (учурдагы Бишкек) шаарында аскер кызматкеринин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Эки иниси бар, балдардын улуусу. 1-5-класска чейин Мукаш Абдраев атындагы музыкалык интернаттын кыл кыяк боюнча билим алган. 11-классты борбордогу №83 орто мектебинде аяктаган. 2007-2013-жылдары КГУСТАнын Жаңы маалымат технологиялар институтунун экономика бөлүмүн аяктаган.

Чыгармачылыгы: түзөтүү

Анжелика 1-классында Кыргыз Республикасынын эл артисти, кыргыз эстрадасынын примадоннасы Айчүрөк Иманалиева уюштурган таланттуу кыздар арасында өткөн кастингге катышкан. Баш байге – “Айчүрөк” театрынын эстрада артисти болуу. Ал жерде өнөрүн көрсөтүп, Анжелика бийлери жана ырлары менен калыстар тобунун жүрөгүн ээлеп алган. Кийинчерээк Айчүрөк ошол маалда болочок ырчы балапанга окшош болгонун эскерген жайы бар.

Анжелика 1997-жылы чоң сахнага "Айчүрөк" эстрада театрында Марат Алыбаевдин "Каалоо" аттуу ыры менен чыккан. 2007-жылы "Өмүр багы", "Сагыныч" аттуу ырлары менен чыгып, жеке ырчы катары эмгектене баштаган. 2009-жылы "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгиси менен сыйланган. Ал эми "Супер-Инфо” гезитинин тандоосу боюнча “2005-жылдын супер ырчы айымы”, "2014-жылдын сахна ажары" наамдарынын ээси болгон.Кийинчерээк Анжелика Кайратова “Эне жүрөгү” тасмасында башкы ролду ойногон. Тасманын негизги мазмуну актрисанын чоң сахнага чыгуу кыялы баяндалат.

2020-жылы ырчы “Жылдын продюсери” номинациясын алган. Ал 30 000 доллар коротуп, милиционерлердин иши жөнүндө сериал тарткан (сериал оң маанайда тартылган). Бирок 2021-жылы КТРК анын сериалын эфирден алып салган, буга ички иштер министрине сериал жакпай калганы себеп болгон. Анжелика буга байланыштуу президентке да кайрылган

Жеке жашоосу түзөтүү

Үй-бүлөсү түзөтүү

2007-жылы ырчы белгилүү ишкер Урмат Бекболиевге турмушка чыккан. Ырчынын айтымында, жаштар кошуна болгондуктан, алар бири-бирин көптөн бери билишчү. Ырчы 11-классты аяктаган соң алар баш кошушкан[4].2007-жылы алардын тун кызы Айым, андан кийин Элина жана Айлин төрөлгөн. Ырчы маектеринин биринде эркек балалуу болгуча төрөй берээрин айткан.

Бирок 2017-2018-жылдары Анжелика Кайратовна менен Урмат Бекболиев ажырашып кетишкен. Ырчы ажырашууга эмне себеп болгонун так айткан эмес. Бирок, жалпыга маалымдоо каражаттары буга Марат Назарбеков менен жубайы себеп болгонун жазып чыгышкан.

Ырчы өзү Инстаграмдагы баракчасына бир адам менен романтикалык мамиледе болгонун айтып, бирок чоо-жайын ачыктаган эмес.

Жол кырсыгы түзөтүү

2021-жылдын 23-январында ырчы Анжелика Кайратовна балдары менен жол кырсыгына кабылган. Кырсык Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Балбай айылында болгон. Муздан улам машине ала салып, жолдон чыгып кетип, бакты сүзгөн. Анын кичүү кызы Айлиндин буту сынган. Эки улуу кызы да ооруканага жаткырылган. Жабыркаган омурткаларын калыбына келтирүү үчүн ырчыга чукул операция жасалган.

2022-жылдын 23-январында актриса кырсык болгон жердеги 3 бакты куран окутуп, кыйып салган. Социалдык тармактарда адамдар бул жагдайды талкуулай баштаганда ырчы мындай деп жооп кайтарган: “Бул дарак көп адамдардын өмүрүн алды. 23-январь күнү эртең менен саат 5:00дө кырсыкка кабылдык”. Интернет колдонуучулар кырсыкка дарактын эч кандай тиешеси болбогонун, ырчы машине айдаганды үйрөнүшү керектигин айтып чыгышкан.

Экология министрлигинин Ысык-Көл облусу боюнча аймактык башкармалыгы Балыкчы-Ананьево-Каракол жолундагы төрт дарактын кыйылышынан келтирилген чыгымды 25 940 сомго баалаган

Тасмаграфиясы түзөтүү

Жылы Кыргызча аталышы Түпнуска аталышы Каармандык ролу
2013 т Сен эмне кылмаксың? Сен эмне кылмаксың? Айым
2016 т Эне жүрөгү Эне жүрөгү Анжелика[5]

Жетишкендиктери түзөтүү

Сыйлыктары түзөтүү

  • 2019 — "Most Fashionable AWARDS 2019" 4-жылдык сыйлыгына "ТОП-5 мыкты ырчылар" номинациясы
  • 2019 — "Most Fashionable AWARDS 2019" 4-жылдык сыйлыктын "ТОП-5 мыкты" номинациясындагы "Айта берем" ыры
  • 2019 — Музыка телеканалынын "Жылдын мыкты аткаруучу айымы" номинациясынын финалисти
  • 2019 — "Gezit.kg" версиясы боюнча "Жылдын айымы"
  • 2015 — "Музыка" Телеканалынын версиясы боюнча "Сени Ойлосом" ыры менен "Хит-2015" номинациясынын жеңүүчүсү
  • 2015 — "Жылдын ырчы айымы" жана "Жылдыз сахна ажары" номинацияларынын жеңүүчүсү
  • 2016 — Республикалык 2-сыйлык тапшыруу аземинин лауреаты Эң модалуу "Мода ырчысы"[6]
  • 2017 — "Элита" редакциясынын версиясы боюнча "Жылдын Мыкты ТВ Долбору" "Бактылуу Айым" номинациясынын жеңүүчүсү.
  • 2017 — Супер Инфо гезиттин версиясы боюнча "Жылдыздуу айым" номинациясынын жеңүүчүсү

Салымы түзөтүү

  • 2015 — Кыргыз элинин музыкалык композиторлорунун жайылышын өнүктүрүүгө кошкон салымы.
  • 2016 — BIR DEM фонду тарабынан өткөрүлгөн "Балдарды коргоо күнүнө" арналган кайрымдуулук концертине активдүү катышкандыгы үчүн.
  • 2016 — "Elite Travel Club" эл аралык клубунун өнүгүшүнө өзгөчө салым.
  • 2018 — Кыргыз Республикасында балдардын чыгармачылыгын өнүктүрүүгө кошкон салымы.
  • 2019 — Дүйнөлүк рынокко кыргыз эстрадасынын өнүгүшүнө кошкон салымы.
  • 2019 — "Элим Барсыңбы?" Коомдук кайрымдуулук фондундагы өнүгүүгө кошкон салымы
  • 2018-2019 — Заманбап кыргыз музыкасынын жана "Музыка" телеканалынын өнүгүшүнө кошкон салымы.
  • 2019 — "Мээримдүү тыйын" кайрымдуулук акциясына активдүү катышкандыгы үчүн.

Булактар түзөтүү

  1. 1.0 1.1 Турдушаева Анжелика Кайратовна — өмүр баяны (кырг.). sputnik.kg. Текшерилген күнү 25 -июнь (кулжа) 2022.
  2. В 20 лет Анжелика стала лучшим работником культуры – что еще известно о популярной певице (орус.). limon.kg. Текшерилген күнү 18 -февраль (бирдин айы) 2020.
  3. Аромат сильной женщины: певица Анжелика презентовала свой авторский парфюм (орус.). 24.kg (26.05.2021). Текшерилген күнү 27 -май (бугу) 2023.
  4. Анжелика вышла замуж за предпринимателя Урмата Бекболиева // https://limon.kg/ru/news:70279
  5. Негизги каармандын ролун Анжелика Бекболиева аткарган "Эне жүрөгү" тасмасы (кырг.). Super.kg. Текшерилген күнү 25 -июнь (кулжа) 2022.
  6. Экономика, Политика, Общество, Президент, Парламент, Правительство. Итоги второй ежегодной национальной премии «Most Fashionable Awards-2016» (орус.). Информационное Агентство Кабар. Текшерилген күнү 21 -февраль (бирдин айы) 2020.

Шилтемелер түзөтүү