Араван аска бетиндеги сүрөттөр

Араван аска бетиндеги сүрөттөр – биздин заманга чейинки 1-миң жылдыктын аягы – биздин замандын 1-миң жылдыктын башына таандык археологиялык эстелик. Араван суусунун оң өйүзүндөгү бийик эмес асканын түндүк-батыш бооруна аркардын, тоо эчкилердин, адамдардын жана жылкылардын сүрөттөрү тартылган. Алардын арасында тартылган 4 жылкынын турпаты дабан аргымактарына окшоштурулат. Чоподон жасалган байыркы идиштердин сыныктары жана күмбөздүн урандылары табылган.

Адабият түзөтүү

Кыргыз тарыхы.Энциклопедия. Бишкек, 2003
“Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети”
“Башкы ред. Ү.А. Асанов, жооптуу ред. А. А Асанканов”
Ред. кеңеш: Ө.Ж Осмонов (төрага), Т.Н Өмүрбеков (жооптуу катчысы), А.Жуманалиев ж.б.”


Интернеттик шилтемелер түзөтүү