Арак — ачыган сүттөн же кымыздан тартылган алкогол ичимдиги.

Бул түрдөгү ичимдиктерди түрк-моңгол элдери байыртан кеңири колдонуп келген. Ошондуктан, «Манас» эпосунда да арак жөнүндө маалыматтар бар. Мисалы, Радлов жазып алган вариантта «аракыга бал кошуп алтындан кылган аякка ага куюп сунуңар» (Радлов жазып алган вариант, 90-б.). Эпосто арак көпчүлүк учурда зыяндуу ичимдик катары баа берилет. Арак душман тараптагы терс каармандардын сүйүктүү тамагы катары сүрөттөлөт. Оң каармандар аны ичкенде: «Арак деген аш ичтим балдар, акылымы кошо ичтим балдар», — деп өзүн күнөөлөйт. Ырасында, арак ичүү менен оң каарман туура эмес жолго барат, адашат. Мисалы, Көкчө өзүнүн айланасындагы арам ойлуу бийлердин амал менен берген арагына мас болуп, Алмамбет менен чатакташып айлынан кетирет, Көзкамандар Манаска арак берип мас кылып, ууландырып өлтүрө албай калышат. Кырк чоро Жакып берген аракка кызып, Каныкейге каршы аттанышат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4