Арпа суусу - Ат-Башы районундагы суу, Ала-Буга суусунун (Нарындын сол куймасы) негизги курамы. Узундугу 65 км, алабынын аянты 347 км2.

Арпа
Мүнөздөмө
Узундугу 65 км
бассейндин аянты 347 км²
Жайгашкан орду
Өлкө  Кыргызстан

Торугарт кырка тоосунун түндүк-чыгышынан агып чыккан Муз-Төр суусуна, Ат-Башы кырка тоосунун батыш бөлүгүнөн башталган Кара-Суу суусу кошулуп, Жаман-Тоо суусун түзөт. Жаман-Тоо чыгыштан батышка карай Арпа өрөөнү аркылуу агып, ага сол тарабынан Чоң Кара-Каман, Кичи Кара-Каман жана Каракол, оң тарабынан Кожогул, Жамандаван суулары кошулгандан кийин Арпа аталат.

Батышта Арпанын Ала-Тоосунан түндүккө карай кууш капчыгай аркылуу агып, Бычан суусу кошулуп, Ала-Буганы түзөт. Жылдык орточо чыгымы 12 м3/сек. Июнда кирип, октябрда тартылат. Өрөөнү жайыт.

Адабият түзөтүү

  • Кыргызстандын географиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. - Б.: 2004. ISBN 9967-14-006-2