Аскалы уругу - чоңбагыш уруусунун курамындагы ири уруктун аталышы[1].

Бул уруктун өкүлдөрү Чыгыш Түркстанды эзелтеден байырлап келишет. Аскалы - Алай районундагы айылдын аты катары белгилүү[2]. Элдик санжыра-уламыштардын айрым маалыматтары аскалы уругу курамына кирген чоң багыштардын XVII-XVIII кк. Алай аймагын байырлашкандыктарын баяндайт. Бул этнотопонимди өткөн тарыхый замандарга таандык энчилүү ат катары кароого болот.

Этнонимдин параллели “аскачы” формасында Минусин ойдуңундагы Туба өзөнунө жамаатташ аймактарды мекендеген хакас-койбалдардын курамынан кездешет[3]. XVIII к. биринчи чейрегинде (Енисей кыргыздары 1703-жылы Жунгарияга күч менен көчүрүлгөндөн соң) бул сөөктүн (уруктун) бир бөлүгү Саян тоолору тарапка ооп, тувалардын курамына сиңип кетишкени маалым[4]. Аскалы ”аска-чы»; Бул илимий негиздүү параллелди енисейлик жана теңиртоолук кыргыздардын этникалык жалпылыгынын далили катары кароого болот.

Эскертүүлөр түзөтүү

  1. Абрамзон, 107.
  2. СГНК, 1988, 28.
  3. Бутанаев, 1990, 67.
  4. аталган эмгек, 67.

Колдонулган адабияттар түзөтүү