Аскердик музыка - атайын аскер темасында жазылган музыкалык чыгарма. Машыгуу учурунда, аскердик жана коомдук салтанаттарда (парад жана башка) аткарылат. Аскердик рухту көтөрүүдө, ошондой эле чакырык түрүндө, мурда аскерлердин согуштук аракет учурларында да аткарылган. Аскердик музыка аскердик үйлөмө аспаптар оркестри же айрым аткаруучулар (барабанчылар, сурнайчылар) тарабынан аткарылат. Аскердик музыканын Байыркы Египет, Ассирия, Вавилония, Палестина, Кытай, Индия элдеринде, Байыркы Грекия, Римде да өзгөчө бир түрлөрү болгон. Кыргыз элинде «Манас», «Семетей» жана башка эпосторунда кеңири кездешкен, байыртадан эле үйлөмө (керней, сурнай, жез най, сыбызгы жана башка), урма (добулбас, дап, нагыра, жекесан, чилдирман) аспаптар согуштук жүрүштөрдө, кадырлуу меймандарды тосууда, салтанаттарда, аш-тойлордо пайдаланылган. Мисалы, согушта белги берүү, душмандын үрөйүн учуруу үчүн добулбасты ээрдин кашына илип коюп, тоголок баш таяк менен ургулап кагышкан. Эл ичинде айтылып жүргөн айрым маалыматтарда кыргыздын кээ бир чоң манаптарынын (мисалы, Ормондун) керней, сурнай, добулбастан турган аскер музыкалык тобу болгон. 17-19-кылымда Батыш Европада аскердик музыканы колдонуу жана уюштуруунун негизги принциптери иштелип чыккан. 19-кылымдын 2-жарымы - 20-кылымдын башында аскердик музыканын согуштук беттешүүлөрдө аткарылышы негизинен токтогон, бирок анын тарбиялык мааниси өскөн. Аскердик музыкага аспаптык чыгармалардан башка аскердик хорлор да кирет. Анын башкы жанры марш.[1]

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1
  1. архив көчүрмөсү. Текшерилген күнү 21 -сентябрь (аяк оона) 2019. Түп булактан архивделген күнү 21 -сентябрь (аяк оона) 2019.