Теңир-Тоо: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
мNo edit summary
1-сап:
[[Файл:Tian Shan.jpg|thumb|Теңир-Тоо.]]
'''Теңир-Тоо, Ала-Тоо, [[Тянь-Шань]]''' – Орто жана [[БорбордукОрто Азия|Борбордук Азиядагы]]дагы тоо системасы. 40° менен 45° түндүк кеңдиктердин, 67° менен 95° чыгыш узундуктардын аралыгынан орун алган. Теңир-Тоонун батыш жагы негизинен [[Кыргыз Республикасы]]нын, түндүк жана батыш кыркалары Казакстандын, түш.-батыш четтери Өзбек, [[Тажик Республикасы]]нын, чыгышы [[Кытай]]дын аймактарында. Чыгыштан батышка 2450 кмге созулат (КМШнын аймагында 1200 км). Түндүктө Теңир-Тоо Борохоро кырка тоосу аркылуу Жунгар Ала-Тоосу, түштүктө Ысар–Алай тоо системасынын Алай кырка тоосу менен туташат. Теңир-Тоонун батыш бөлүгүнүн түндүк жана түштүк чегаралары болуп адатта Иле жана Фергана өрөөндөрү эсептелет. Чыгыш Тенир-Тоо түндүгүнөн Жунгар, түштүгүнөн Кашкар (Тарим) чуңкурдуктары менен чектелет.
 
[[Файл:Tien shan sat.jpg|thumb|Теңир-Тоо.]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Теңир-Тоо" булагынан алынды