Кальмар оюну (кор. 오징어게임, англ. Squid Game) — Түштүк Кореянын аман калуу, уруш-согуш, триллер жана драма жанрындагы веб-сериалы. Тогуз эпизоддун баарысынын режиссёру жана сценарийдин автору Хваң Доң Хёк. Башкы каармандарды аткарган Ли Жоң Жэ, Пак Хэ Су, О Ён Су, Ви Ха Жун, Жоң Хо Йон, Хо Сон Тхэ, Анупам Трипати жана Ким Жу Рйоң. Тогуз эпизоддон турган сериал акчага муктаждыктан улам, аман калуу үчүн уюштурулган жашыруун оюнунга катышкан адамдардын тобу жөнүндө баяндайт. Тагыраагы акча үчүн адамдар эмнеге гана барбаганын, көрсөткөн оюндун соңуна 45,6 млрд. вон (38,5 млн доллар) акчалай сыйлык коюлат. Сериалдын дүйнөлүк бет ачары Netflix платформасында 2021-жылы 17-сентябрда көрсөтүлгөн. Кыргызстанда кыргыз тилине которулган нускасын 2021-жылы, 5-октябрда TV1KG каналы көрсөткөн. Сериал кадр сыртынан которулуп, бардык бөлүмүн Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Турусбек Жумалиевдин үнү менен жаздырылган.

Кальмар оюну
кор. 오징어게임 / англ. Squid Game
Жанр

уруш-согуш
Шумдуктуу окуя
триллер
драма
аман калуу

Жараткан

Хван Дон Хёк

Композитор

Чон Чжэ Иль

Мамлекет

 Корея Республикасы

Түпнуска тили

Корейче

Сезондордун саны

1

Сериялардын саны

9

Өндүрүш
Хронометраж

32—63 мүнөт

Студия

Siren Pictures Inc.

Трансляция
Телеканал

Netflix

Экрандарда

17-сентябрь, 2021

Статус

бүткөн

Шилтемелер

https://www.netflix.com/ru/title/81040344

IMDb

ID 10919420

Мазмуну түзөтүү

Жашыруун оюнга катышуу үчүн 456 адам чакырылат. Алардын баарысынын көйгөйлөрү бар акчага муктаж, карызга баткан адамдар. Катышуучулар өлүм коркунучу жогору болгондугуна карабастан аман калуу үчүн ойноого аргасыз болушат. Себеби оюнда 3 эреже болот: 1. Оюнга өз алдынча катышпай койуу мүмкүн эмес. 3. Эгер катышуучулардын көпчүлүгү оюңду улантууга каршы чыкса токтотулат. Эгер алар алты баскычтан турган оюнда жеңип чыкса, анда 45,6 млрд вонага ($39 млн) ээ болушат[1][2].

Каармандарда түзөтүү

Эпизоддор түзөтүү

Эскермелер түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү