Леонардо Вильгельм Ди Каприо (англ. Leonardo Wilhelm DiCaprio, айтылышы: [/dᵻˈkæpri.oʊ/;]; 1974-жылы 11-ноябрь) – америкалык актер, продюсер жана айлана-чөйрө коргоочу. Ди Каприо 1990-жылдардын башында телевизиондук жарнактарда тартыла баштаган, кийинчирээк актер "Санта-Барбара" (англ. Santa Barbara) жана "Чоңдордун зор маселелери" (англ. Growing Pains) сыяктуу ар түрдүү телесериалдарда өзгөрүлбөс ролдорун аткарган. Ди Каприо биринчи ири ролун "Макулуктар 3" (англ. Critters 3, 1991) тасмада аткарган. Актер "Бул баланын жашоосу" (англ. This Boy's Life, 1993) тасмада тартылып, "Гилберт Грейпти мүңкүрөткөн эмне?" (англ. What's Eating Gilbert Grape, 1993) тасмада экинчи пландагы ролду аткарганы үчүн сыйлыкка ээ болгон. Жеймс Кэмерондун "Титаник" (англ. Titanic, 1997) тасмасында тартылып атактуулукка жеткенге чейин актер "Баскетболчунун күндөлүгү" (англ. The Basketball Diaries, 1995) жана "Ромео + Жүлетта" (англ. Romeo + Juliet, 1996) тасмаларда аткарган башкы ролу менен коомчулукка таанымал болгон.

Леонардо Ди Каприо
Портрет
Төрөлгөндөгү аты:

Леонардо Вильгельм Ди Каприо

Туулган датасы:

11-ноябрь 1974-жыл

Туулган жери:

Лос-Анджелес, Калифорния, АКШ

Жарандыгы:

АКШ

Сыйлыктары:

«Оскар» (2016) BAFTA (2016) АКШ актерлор Гильдиясынын сыйлыгы (2016) «Алтын глобус» (2005, 2014, 2016) «Күмүш аюу» (1997) MTV Movie Awards (1998, 2005, 2014, 2016) Лос-Анджелес киносынчылар Ассоциациясынын сыйлыгы (1993) Чикаго киносынчылар Ассоциациясынын сыйлыгы (1993) АКШнын Улуттук киносынчылар Кеңешинин сыйлыгы (1994, 2013, 2014)

2000-жылдан баштап актер ар түрдүү жанрлардагы тасмаларда аткарган ролдору киносынчылар тарабынан жогору баалана баштаган. Ди Каприо тартылган кийинки тасмалар: "Темир маскачан адам" (англ. The Man in the Iron Mask, 1998), "Кармай алсаң мени карма" (англ. Catch Me If You Can, 2002) жана Мартин Скорсезе менен эң биринчи эмгектештиги болгон "Нү-Йорк бандалары" (англ. Gangs of New York, 2002) тасмасы. Актер "Кандуу алмаз" (англ. Blood Diamond, 2006), "Чыккынчылар" (англ. The Departed, 2006), "Жалгандардын жыйнагы" (англ. Body of Lies, 2008), "Өзгөрүүлөрдүн жолу" (англ. Revolutionary Road, 2008), "Каргыш аралы" (англ. Shutter Island, 2010), "Башталыш" (англ. Inception, 2010), "Ж. Эдгар" (англ. J. Edgar, 2011), "Кишенден бошотулган Жанго" (англ. Django Unchained, 2012) жана "Улуу Гетсби" (англ. The Great Gatsby, 2013) сыяктуу тасмаларда аткарган ролдору киносынчылар тарабынан жогору бааланган.

"Асман кожоюну" (англ. The Aviator, 2004) тасмада Говард Хүзду жана "Аман калган" (англ. The Revenant, 2015) тасмада Хү Гластын ролун аткарганы үчүн актер "Алтын глобус" сыйлыгынын "Драма жанрындагы эң мыкты актер" номинациясынын жеңүүчүсү болгон, ал эми "Уолл-стрит карышкыры" (англ. The Wolf of Wall Street, 2013) тасмада аткарган ролу үчүн актер ушул эле сыйлыктын "Мюзикл же комедия жанрындагы эң мыкты актер" номинациясына ээ болгон. Актер өзүнүн биринчи "Оскар" жана BAFTA сыйлыктарына "Аман калган" тасмада аткарган ролу менен татыган. Ошондой эле Ди Каприо Appian Way Productions тасма өндүрүш компаниянын негиздөөчүсү жана ээси.

Өмүр таржымалы

Жеке жашоосу

Тартылган тасмалары

Шилтемелер