Мары шаары - Түркмөнстандын Мары вилайетинин ордо шаары.

Кыскача тарыхы түзөтүү

 
Көөнө Мерв шаарына ислам динин таркаткан бир тууган асхабдарга тургузулган көрүстөн.

Мары (Mary) шаарынын мурдагы тарыхый аталыштары - Мерв жана Маргиана болгон.

Мары шаары Борбордук Азиядагы Кара-Кум чөлүндө жайгашкан оазис жерде орун алган. Шаар Мургап (Мургаб) дарыясында жайгашкан.

2009-жылы шаар калкы 123 000 тургундан турган (1989-жылы 92 миң киши жашаган).

Мары шаары байыртадан эле Улуу Жибек Жолунун таманында жайгашкан. 1884-жылы шаарды падышалык Орусия каратып алган. Ошол жылы орустар шаарда өздөрүнүн бекемделген жайын тургузган.

1918-жылы августта Мары шаарынын жанында Кызыл аскерлер менен пенжабдык жоокерлерден турган британдык кошуун салгылашкан.

1968-жылы шаардан батышыраак 20 чакырымдай жерден газ кени табылган.

Чарбасы түзөтүү

Мары шаары Түркмөнстандагы чоңдугу боюнча төртүнчү ири шаар.

Анда газ жана пахта иштеп чыгуу, ж.б. ишканалар жайгашкан.

Маданияты түзөтүү

Мары шаарында аймактык ири музей жайгашкан.

Шаарда байыркы Мерв шаар чалдыбары бар.

Шаардын башкы футбол клубу "Мерв Мары" деп аталат.

Марыда туулган же байырлаган тарыхый инсандар түзөтүү

Бул шаарда дарыгер жана тарыхчы Шараф аз-Заман Тахир Марвази туулгандыгы жоромол кылынат.

  • Агаджанов, Сергей Григорьевич — чыгыш таануучу [1];
  • Алиханов-Аварский, Максуд — орусиялык кол башчы, генерал, Мерв жана Тифлис губернатору;
  • Асадов, Эдуард Аркадьевич — орус совет акыны, прозаик;
  • Ата Салих — түркмөн эл акыны [2];
  • Ата Атажанов (Атаджанов) — түркмөн совет жазуучусу [2];
  • Ахмедов, Вели — түркмөн композитору [3];
  • Багиров, Эдуард Исмаилович — орусиялык жазуучу;
  • Боннэр, Елена Георгиевна (Лусик Алиханян) — совет жана орус коомдук ишмери, укук коргоочу (академик Андрей Сахаровдун жубайы);
  • Гордеев, Владимир Дмитриевич — СССРдин спидвей боюнча чемпиону, спортчу;
  • Сатунц (Сатян), Арам Мовсесович] — армян совет композитору;
  • Шакирова, Элен Рафаэловна|Шакирова (Бунатьянц), Элен Рафаэловна — орусиялык (мурда - советтик) баскетболчу айым.

Адабият тизмеси түзөтүү

  • Ал-Марвази Шараф ал-Заман Тахир. Глава о тюрках из трактата / Публ.,

пер. и введ. А. Храковского // Труды сектора Востоковедения АН КазССР. 1959. – Алма-Ата, 1959. - Т. 1.

  • Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк. – Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1990. – 288 бет. – Рецензент: тарых илиминин доктору Өмүркул Караев. - ISBN 5-89750-028-2.
  • Заходер Б.Н. Каспийский свод сведений о Восточной Европе. T.II. Булгары, ма­дьяры; народы Севера, печенеги, русы, славяне. - М.: Наука, 1967. - С.35, 36, 39, 63.).

Шериктеш (бир тууган) шаарлары түзөтүү

Интернеттеги шилтемелер түзөтүү

  1. http://bukinist1.narod.ru/vostok/a/agadjanov-s-g-bio.html(жеткиликсиз шилтеме)
  2. 2.0 2.1 Калып:Из КЛЭ
  3. Биография.ру | Biografija.ru | А | Ахмедов Вели