Атай (кыштак)Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы кыштак. Атай айыл өкмөтүнө караштуу Карл Маркс айылы бар. Атай суусунун жээгинде, деңиз деңгээлинен 1358 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Казарман кыштагынан 25 км түштүк-батыш тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 435 км. 1909-ж. отурукташкан. Айылдын аталышы «Курманбек» эпосундагы Атай аттуу кейипкердин эрдиги, анын сөөгүнүн ошол жерде коюлушуна байланыштуу.

Атай
Өлкө

Кыргызстан

Тарыхы жана Географиясы
Калкы
Калкынын саны

1 640 [1] (2021)

Жыштыгы

адам/км2

Сандык идентификаторлор
Убакыт аралыгы

+6

Почта индекси

721502[2]

Калкы түзөтүү

Калкы - 1 640 киши.[1], негизинен мал ж-а аары чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, медпункт бар. Азыркы учурда 2016-2021-жж Атай айыл аймагын Бакдөөлөт Бобукеев башкарып келет. Айылда 2 орто билим берүүчү мектеп бар. Саймалуу-Таш жана Барктабас мектептери. Калып:Kyrgyzstan-stub

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1