Ат токуу - сапарга, аңчылыкка чыгууга, көчүүгө жана башка иштер үчүн унааны минүүгө даярдоо. Ат сол жагынан токулат. Адегенде аттын жонуна ичмек, анан тердик, айрым учурда (аш-тойлордо, салтанаттарда) ат жабуу жабылат. Желдик (каптырга), ошондой эле куюшканы салынып, каптырганын үстүнө ээр токулат. Ээр аттын жонуна ички басмайыл менен тартылып бекитилет. Ээрдин чарасына көрпөчө салынат. Көрпөчөнүн үстүнөн сырткы басмайыл, омуроосуна көмөлдүрүк тартылат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1