Аш – аза күтүү салтында маркумду эскерүү жөрөлгөсү. Аш түрк-моңгол элдеринде байыртадан келе жаткан салт. Аш кыргыз элинин салттуу турмушунда татаал, идеологиялык көз караштарга бай, уруулук-жамааттык мамилелерди даана көрсөтө ала турган туюнтма.

Маркумдун арбагына арнап аш берүү, өлүк коюу жана арбакты эскерүү салттарынын бир бутагы. Элдин анимисттик маанайдагы түшүнүктөрү боюнча адам өлгөндөн кийин анын денесинен жаны бөлүнүп, арбакка айланып, жашоосун улантат. Ишеним боюнча өлгөн адамдын арбагы өзүнүн журтуна кайтып, өз бала-чакасын, туугандарын, досторун колдоп, кадимкидей тамаксырайт.

Арбакка багыштап жыт чыгарбаса, тамак бербесе анда маркумдун арбагы нааразы болуп калышы ыктымал. Мына ошондуктан, арбакка багыштап, аны эскерүү иретинде мал союп, элге тамак беришкен. Аштын төмөндөгүдөй түрлөрү бар: кара аш, кырк аш, аш же чоң аш (кээде жылдыгы деп аталат).

Алардын өткөрүүлүчү мезгили, катышкан элдин саны, жасалуучу жөрөлгөлөрү бири-биринен айрымаланат. Кара аш сөөктү койгон күнү берилген. Кырк аш (кээде жөн эле кыркы) адам өлгөндөн кырк күн өткөндөн кийин берилген. Чоң аштын мөөнөтү келгенде маркумдун жакындары чогулуп, кеңеш курушат.

Уруулук мамилелердин салты боюнча аш өткөрүү ошол өлгөн адамдын жакын туугандарынын иши гана эмес, ал бүт уруунун, ал эми маркум тирүү кезинде элге эмгеги сиңген адам болсо, анда жалпы элдин милдетине айланат.

Кеңеште ашка кимди чакыруу, келген адамдарды кандай жайгаштыруу, унааларына атты ким даярдайт, ашты ким башкарышы керек деген маселелер чечилет. Чоң аштын жүрүшүндө жамбы атуу, балбан күрөш, эр сайыш, ат чабыш жана башка өткөрүлгөн. Элдик салт боюнча аш бүткөндөн кийин өлгөн адамдын тулу боз үйдөн бейитине алып барып ташталат.

Жесирдин кара кийими чечилип отко жагылат, ага жакын туугандары алып келген кийим жабылат. Кыздарынын башындагы кара жоолук чечилип, ак жоолук салынат. Балдарынын бел курчоолору жаңырат. Ушундан баштап аза күтүү токтойт.

Адабият түзөтүү

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Бишкек, 2003 « Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, И. Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Педагогикалык Университети»

Интернеттик шилтемелер түзөтүү