Бамако (французча: Bamako) — Африкадагы бир шаар, жана Мали Республикасынын борбор шаары. Өзүнчө административдик бирдикти (дистрикт) түзөт. Калкы 1,3 млн (2005).

Бамако
шаар
Бамако
Өлкө Мали
Population (2006)
 • Total 1,690,471
Time zone GMT

Тарыкы түзөтүү

Бамако-Сену эл аралык аэропорту бар. Бамаконун азыркы аймагында 1-тургун жайлар 15-кылымда эле пайда болгон. 19-кылымдын 2-жарымына чейин малинке жана бамбара урууларынын өкүлдөрү отурукташкан анча чоң эмес кыштак, 1882-ж. француздар басып алгандан кийин Франциянын соода факториясы жана таяныч пункту болгон. 1908-жылдан француздар колониялык администрациясынын резиденциясы. 1920-58-ж. Франция Суданынын, 1958-60-ж. Мали Федерациясынын, 1960-жылдан Мали Республикасынын борбору.

Географиясы түзөтүү

Нигер дарыясынын боюнда жайгашкан. Жолдор тоому. Атлантика океанындагы Дакар порту, Нигер дарыясындагы Куликоро дарыя порту менен темир жол аркылуу байланышат.

Экономиясы түзөтүү

Чоң мечит, псевдороман стилиндеги Жанна д’Арк собору (1925-36), колөнөрчүлүк үйү (1932), борбдук базар, улуттук илим жана техника изилдөө борбору (1986), тропика өсүмдүктөрүн жана азыктүлүктү изилдөөчү агрономия (1962), Сахел (1977), офтальмология (1953) институттары, улуттук китепкана (1913), улуттук (1953), край таануу музейлери бар. Ботан. жана зоология бактары уюшулган. Бамако өлкөнүн ири өнөржай жана соода борбору. Өнөржайлуу зонасы шаардын чыгыш бөлүгүндө жайгашкан. Текстиль комбинаты, айыл чарба шаймандар заводу, ширеңке жана сигарета фабрикасы, тамак-аш (тондурма кушкана, минералдык жана жемиш сууларын куюучу завод), булгаары-буткийим, фармацевтика, металл иштетүү өнөржайлары, ремонттоочу жайлар бар. Кол өнөрчүлүк (жыгачка жана пил сөөгүнө оймо-чийме түшүрүлөт, токуучулук, алтын, күмүш, булгаары иштетүү) өнүккөн. ГЭС бар. Бомакого жакын жердеги үңкүрдө неолит дооруна таандык аска бетиндеги сүрөттөр сакталган.

Дагы көрүү түзөтүү

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055-4