Борбор шаар
Борбор шаар — өлкөнүн негизги расмий шаары. Борбордо бийликтин жогорку органдары жайгашат:
- өлкө башчысынын резиденциясы (монархтын, президенттин);
- парламент
- министрликтер
- Жогорку сот
Булардын ичинен кээ бирлери башка шаарларда орун алышы мүмкүн.
Көбүнчө борбор өлкөнүн эң чоң шаары болот. Бирок ондогон өлкөлөрдө, бир же андан көп шаарлар мааниси жана көлөмү боюнча борбордон ашып кетишет.
Көп өлкөлөр борбор тандоо диллемасы менен жолугушкан. Бирок ал ар кандай чечилиши мүмкүн.
Кээде тең укуктуу эки расмий борбор да болушу мүмкүн — мисалы, империялык Австро-Венгрияда Вена менен Будапешт, Ливия падышалыгында Триполи менен Бенгази ж.б.у.с. Жапонияда Токио префектурасы борбор болуп саналат, ал болжол менен 50 өз алдынча аймактан турат.
Башка учурларда эки борбордук макам үчүн күрөшкөн шаарга эмес, үчүнчү шаарга берилип (керек болсо атайын «нөлдөн» баштап түзүлгөн) — мисалы, АКШдагы Вашингтон (Филадельфия менен Нью-Йорктун ортосунда өткөн шайлоодон кийин), ТАРдагы Претория (Йоханнесбург, Кейптаун), Канададагы Оттава (Торонто жана Монреал), Австралиядагы Канберра (Сидней жана Мельбурн), Бразилиядагы Бразилиа (Сан-Пауло жана Рио-де-Жанейро) жана башка ушул сыяктуу.
Административдик борбор — биринчи, экинчи жана үчүнчү баскычтагы шаар үчүн же башка административдик түзүлүштөрдү (облус, аймак, автономиялуу республика, провинция, штат, департамент) атоо үчүн колдонулат.
Убактылуу борборлор
түзөтүүАр кандай учурларда өлкөлөрдө убактылуу борбор жарыялоолор болгон, ошондой эле ар кандай ой-пикир менен боорборду башка шаарга жылдыруулар болгон. Мисалы, акыркы жарым кылымда эле ондогон жаңы борборлор пайда болгон.
Булактар
түзөтүү- Европа борборлорунун рейтинги (2009): кимиси ири, кымбат жана таза Archived 2012-01-20 at the Wayback Machine
- Борборлор салыштырмасы Archived 2016-04-11 at the Wayback Machine