УРКАСЫМ БЕГАЛИЕВ (1924-1990)

Манасчы Уркасым БегалиевЫсык-Көл областынын Ак-Суу районуна караштуу Ак-Булуң айылында жарык дүйнөгө келген. Уркасымдын атасы Бегаалы жаш кезинде бир жактан келе жатып ат үстүндө үргүлөп кетет. Суунун кечүүсүнөн өтүп бара жатканда атынан чакырган кимдир бирөөнүн үнү угулат. Көзү умачтай ачылып, артын караса аксакалчан адам токтой турушун буюрат. Кызуу неме чочуп кетип, ал чакырыкка токтомок турсун коркконунан атын камчылап, качып жөнөйт да үйүнө келип эс-учунан танып жыгылат. Ошол күндөн баштап Бегаалыны баягы аксакалчан адам “Манас” айтасың деп кыйнай берет. Бегаалы буга көнбөй коёт. Кийин ооруга чалдыгып көз жумат. Уркасымдын атасы ушундай сырдуу окуяга жолуккан маалда анын бешиктеги кези экен. Атасынын башынан өткөн ошол сырдуу күч кийин өзүнө оойт. Негизги кесиби жыгач уста. Ал айылдагы оюн-зоокторго катышып, комуз чертип, ыр ырдап өз өнөрүн көрсөтүп жүрөт. Бир жолу талаада иштеп жүргөн учурунда эс-учун билбей жыгылып калат. Ошондо ал калың жылкынын дүбүртүн угуп, сыртка чыкса Бакайкырк жигит менен турган болот. Бакай Уркасымга кайрылып, казатка аттанып бара жаткандарын эскертип, алар кеткенден кийин Манастын баатырдык жортуулун айтасың, деп тапшырып, Уркасымды бир топ жерге чейин ээрчитип барат. Чочуп ойгонуп кетсе түшү экен. Ошондон баштап, күңгүрөнүп “Манас” айтууга өтөт. “Манасты” улантып айтуу максатында, Манастын белгиси болгон анын ташына барып (Тулпар-Таш) зыярат кылууну, Каркырадагы Көкөтөйдүн ашы өткөн жерди көрүүнү эңсейт. Эңсеген жерлерин көргөндөн кийин басса-турса “Манас” айткысы келип өзүнчө ичинен күбүрөп айтып жүрөт. Кийин Уркасым Бегалиев “Манас” үчилтигин толук айтып калат. Ал “Манас” үчилтигинен: “Манастын балалык чагы”, “Кыргыздардын Алтайдан көчүшү” жана “Манастын кан көтөрүлүшү”, “Көкөтөй кандын ашы”, “Алмамбет менен Чубактын жол талашы”, “Тал-Чокунун көрүнүшү”, “Алмамбет менен Сыргактын чалгынга барышы”, “Жылкы тийүү”, “Тайторуну чабышы” сыяктуу белгилүү салттык эпизоддорду эл ичинде көп айтып келген. Азыркы күндө манасчынын үйүндө өз колу жазылган “Алмамбет менен Сыргактын чалгынга барышы” жана “Жылкы тийүү” деген эпизоддор сакталып турат.