Беловодское (Москва району)

Беловодское[2]Кыргызстандын Чүй облусунун Москва районундагы айыл. Беловодское айыл аймагына кирет. Райондун жана айыл аймагынын борбору.

Айыл
Беловодское
Герб
Герб
Өлкө Кыргызстан
Облус Чүй облусу
Район Москва району
Координаттар 42°50′ с. ш. 74°07′ в. д.HGЯO
Тарыхы жана Географиясы
Убакыт аралыгы UTC+6
Калкы
Калкы 21 275[1] адам (2009)
Сандык идентификаторлор
Беловодское (Москва району) (Кыргызстан)

Кыштак Бишкек―Ташкен унаа жолунун боюнда жайгашкан, деңиз деңгээлинен 760 м бийиктикте жайгашкан. Беловодское темир жол бекетинен 3 км. Бишкек шаарынан 40 км батыш тарапта.

1866-жылы отурукташкан.

Инфратүзүм

түзөтүү

Эки орто мектеп, 1 атайын мектеп, лицей, спорт мектеби, 4 бала бакча, оорукана, бейтапкана, дарыкана, ден соолукту чыңоочу жай, кинотеатр, 3 китепкана, 2 клуб, кафе-барлар, ашканалар бар.

Калкы — 21 139 (2002-жылы), 19 831 (2006-жылы), 21 275 киши (2009-жылы)[1].

Булактар

түзөтүү

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4