"Бен-Гур" (англ. Ben-Hur) - 2016-жылы Тимур Бекмамбетов тарткан америкалык тарыхый-эпикалык тасма. Сценарийин Кит Кларк жана Жон Ридли жазган. Тасма 1880-жылы Лү Уаллэс жазган "Бен-Гур: Христос баяны" романы боюнча бешинчи жолу тартылган тасма. 1907-жылы жана 1925-жылы ушул романдын негизинде үнсүз тасма тартылган. 1959-жылы тартылган тасма Оскар сыйлыгын алган. 2003-жылы болсо ушул эле романга анимациялык тасма тартылган. Тасма романдын "жаңыча жорулушу" деген термин менен жарык көргөн. Тасмага тартылгандар: Жэк Хүстон, Морган Фримен, Тоби Кеббел, Назанин Бониади, Халук Билгинер жана Родриго Санторо.

Бен-Гур
Режиссеру Тимур Нуруахитович Бекмамбетов
Сценарийи
Оператору Оливер Вуд
Негизинде Бен-Гур: Христос баяны
автору: Лү Валас
Тартылгандар
Музыкасы Марко Белтрами
Редактору
Жайылтуучу
Чыккан жылы
  • август 9, 2016 (2016-08-09) (Мехико)
  • август 19, 2016 (2016-08-19) (АКШ)
Узактыгы 125 мүн.
Өлкөсү  АКШ
Тили Англис
Бюджети $100 млн
Киреше $94.1 млн[1]

Тасманын негизги бөлүгү 2015-жылдын 2-февралынан июнга чейин Италиянын Матера шаарында тартылган. "Бен-Гур" Мексикада 2016-жылдын 9-августунда бетачарын өткөргөн. Америкада кинотеатрларга "Paramount Pictures" жана "Metro-Goldwyn-Mayer" тарабынан 2D, 3D, RealD 3D, Digital 3D жана IMAX 3D форматында коюлган. Тасма киносынчылардан терс сын-пикир алган жана $100 млн бюджет (сатуу жана таратуу чыгымын кошпогондо) менен $94,1 млн киреше тапкан.

Сюжети түзөтүү

Тартылгандар түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү

  1. Ben-Hur (2016). IMDb. Текшерилген күнү 3 -октябрь (тогуздун айы) 2016.