Билдир - бугу уруусунун курамындагы урук. Этностук аталыштын параллелдери хакастардан «пилтир», фуюй кыргыздарынын курамынан «былтырды» формаларында кездешери аныкталган. Кыргыздар, хакас жана фуюй кыргыздарынын (Кытай Эл Республикасы) тегинин жакындыгын аталган этнонимдер далилдеп турат. Хакастардын тарыхый фольклору бельтирлерди (хак. пил- тир) 1703-жылы Жунгарияга күч менен көчүрүлгөн кыргыз-хоорайлардын ата журтуна (Минусин ойдуңу) кайрылып келгендердин урпактары катары баяндайт. Учурда, хакас-сагайлардын курамына сиңип кеткен «пилтирлер» калмак (моңгол) тилинде «аралаш», «бир өңчөй эмес», «жуурулушкан» деген маанилерди туюнтат. Убакыттын өтүшү менен «пилтир» деген термин этностук аталыш (экзоэтноним) катары калыптанган. Азыркы учурда тувалар хакастарды «белдир» деп аташары маалым. Ал эми «белтир» хакас жана алтайлыктарда дарыянын, суулардын, коктулардын биригип кощулган жерлерин да аныктаары белгилүү. Арийне, «белтир» эне- сай кыргыздарынын уруулук энчилүү аты катары 1703-ж. чейин эле белгилүү болушу мүмкүн. Анткен себеби, бул маселеде кыргыздын бугу уруусундагы «билдир» уругунун энчилүү аты далил боло алары шексиз. Фуюй уездиндеги кыргыздар (чигдир, былтыр- дыр, табхын, кэргэс, табындар, сындырдыр) 18-к. орто чендеринде Жуңгар хандыгы Цинь империясы тарабынан талкалангандан соң, Манжурияга көчүрүлүп кеткен кыргыздардын урпактары болуп саналышат. Кыргызтаануудагы бул орчундуу, ары татаал маселе өз изилдөөчүлөрүн күтүп жатат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү