Биологиялык үй-бүлө жана коом

Тиричиликте үй-бүлөнүн куралышы эң жогорку деңгээлдеги-симбиоздук түзүлүш. Жаныбардын "үй-бүлө" түрүндө жашоосу алар үчүн чөйрө жана коом. Алар мындай биримдикте жашап, өсүп, өрчүйт. Жаныбарда үй-бүлөнүн түзүлүшү татаал, тубаса нерсе.

Арстан үй-бүлөсү.

Айбандардын «үй-бүлөсү» түзөтүү

Айбандардын «үй-бүлөдөгү» катнаштары белгилүү тартипке бир бирине баш ийип, коом түрүндө жашоосу адамдын коомуна окшоп кетет. Жаныбардын жашоо тиричилиги, ар түрдүү жана эң кызык. Организмдердин симбиоздук өзгөчө ымалалары үйүр түзүлүп, куут учурунда өтө байкалат. Ири жаныбардын кууту үч түрдүү жүрөт.

Биринчи түрү түзөтүү

 
Ала жолдуу жылкылар - полигамдар.

Кээ бир жаныбардын эркектери куут алдында ургаачыларын жыйнайт, мындай жаныбар полигамдар деп аталат. Бул учурда бир эркегинин үйүрүндө ургаачысынын саны, кээ бир маалыматтарга караганда 100-300гө чейин жетет. Эркектеринин ортосунда айыгышкан кагылышуулар болот, кимиси жеңсе, ал үйүрдү ээлеп калат. Куут учурунда эркектери азыктанбайт. Бүт жыл бою жыйнаган кубат берүүчү майын жок кылат. Куут бүткөндөн кийин эркеги жана ургаачысы өзүнчө бет алып, ажырап кетет.

Экинчи түрү түзөтүү

 
Ак куулар - моногамдар
 
Пингвиндер - моногамдар

Экинчи бир түрүндө эркеги жана ургаачысы жупташып "үй-бүлө" түзөт, бул көрүнүштөгү жаныбарлар-моногам деп аталат. Кууттун үчүнчү түрүндө ургаачысы эркегин тандайт. Бир эле ургаачысы көптөгөн эркектер менен кууту жүрөт, мындай көрүнүшү - полиандрия деп аталат. Көпчүлүк куштарда үйүр түзүүнүн алдында эркектери жасанып, кооздонот. Кээ бир жаныбардын эркеги ургаачыларын сейилге алып чыгат, кээ бири куут оюндарын ойнойт, дагы бирөөлөрү сайрайт, чардайт, экинчилери бийи менен ургаачысынын көңүлүн бурат. Ири жаныбарда ургаачысы үчүн атандашуу болот, кээ бирөөлөрү мис., кабыкчы коңуз көбөйүү жайын даярдайт, деги айта берсе айбандардын үйүргө кирүүдөгү жоруктары айтып түткүс.

Көптөгөн куштар бир эркеги жана бир ургаачысы жупташып биримдикте жашайт (моногамдар). Бирок кээ бир ысык өлкөлөрдө жашаган тоок, күрп же төө куштун эркеги полигам болот.
Жырткыч куштардын (бүркүттөр, шумкарлар, ача куйруктар ж.б.) эркектери жыл бою бир эле ургаачысы менен жашайт. Бирок бардык эле канаттуулардын мындай мамилеси туруктуу болбойт, мисалы, каз сымалдар түркүмүндөгү кууларда, каздарда, өрдөктөрдө ж.б-дын ичинде куулардын башкаларга караганда мамилеси туруктуу келет.

Сүт эмүүчүлөр түзөтүү

 
Сүт эмүүчүлөр.

Ал эми сүт эмүүчүлөрдө башка класска киргендерге караганда үйүрдүүлүгү көп, жеке «үй-бүлө» кургандары аз. Сүт эмүүчүлөрдүн эркегинин бир ургаачысы менен жашашы чанда. Көбүрөөк «үй-бүлө» болуп жашагандарга: карышкыр, аюу, суур, түлкү, жолборс, ошондой эле майда маймылдар, горилла, орангутан, шимпанзе кирет. Бирок булар деле үй бүлөлүк турмушка бекем эмес. Тиричиликте ар түрдүү популяциялардын өкүлдөрү бири-бири менен кошулса түрдүн өсүшүнө тосколдук болбой, тескерисинче түрдүн өркүндөп өсүшүнө жардам берет.

Полиандра түзөтүү

Тиричиликте полиандра- (бир ургаачынын көп эркектерди талап кылуусу) начар изилденген. Бул кубулуш кара курттарда, үй таранчыларында, Европа коенунда, жапайы мышыктарда, омурткасыз жаныбарда, көпөлөктөрдө, коңуздарда ж.б. белгилүү.

Тукумга кам көрүү түзөтүү

Табыгый жаратылышта үй бүлөлүк турмуш, "бала бакырасы" үчүн кам көрүүсү жалаң эле ургаачынын мойнунда болбой, кээ бир жаныбардын эркектери жалаң гана уруктандыруу менен чектелишип калышпайт, тескерисинче өтө чоң сүйүү же кызганычтык менен эркектери баласын башкалардан коргошот, адамдын оюна келбеген укмуштуудай аракеттерди жасашат.

Кадыресе көпчүлүк адамдар балык жана жерде сууда жашоочулар ж-дө, алар уруктанышкандан кийин уруктарын сууга төгүшүп кутулушат деген ойдо болот, бирок мындай түшүнүү туура эмес. Кандай гана организм болбосун өзүнүн тукумун үзбөш үчүн кам көрүшөт.

Айбандардын ургаачылардын тукумун калтырууда түйшүгү көп. Бирок кээ бир түрлөрдүн эркектеринин ургаачыларынан кем эмес балдарын сактап калуу үчүн кылган аракеттери ургаачысыныкынан ашып түшөт. Мисалы, Жаңы Гвинеяда тузсуз сууда жашаган балык бар, анын аты Kurtus gulliveri же куртус.

 

Эркегинин кежигесинде сөөк илгичи бар. Уруктанган жумуртка эки бөлүктөн турат, жумурткаларды бириктирип турган илгичи бар, анын эркеги өзүнүн желкесиндеги илгичине илип алып жумуртканын ичинде балдары өсүп жетилмейинче жүрө беришет. Балдары өсүп жетилгенден кийин жумуртканын кабыгынан чыгышып сууга түшүшүп өзүлөрүнчө жашоого жөндөмдүү болот.

 
Кош бойлуу деңиз аты.

Куртус сыяктуу эле кээ бир балыктын эркектери өзүлөрүнүн балдарынын өсүп чоңоюуларына камкордук менен жардам кылышат. Буга деңиз ийне балыгы жана (деңиз аты) ж.б. мисал боло алат. Бул балыктардын боорлорунда баштыкчалары бар, жумурткалар уруктангандан кийин, эркектеринин боорундагы баштыкчаларынын ооздору ачылып ага урук киргизилет. Эркектеринин боорундагы баштыкчаларында уруктун өсүп өнүгүүсүнө бардык шарттар бар. Баштыктын ичинде кан тамырлар бар, алар бөлүп чыгарышкан көбүргөн былжырак зат менен чуңкурчаларда жаткан жумурткалар аралашышат, бул көбүргөн былжырак заттын составында майлар, белоктор бар, булар менен алгачкы күндөрү уруктары азыктанат. Бир нече күндөн кийин уруктар чегилип чыгышып, бир аз күн атасынын баштыкчасында жашашат. Бул учурда балыктардын эркектери бооз сымалдуу болуп көрүнүшөт, өсүшүп жетилишкенден кийин балдарын сууга чыгарышат.

Тирилчилик тагдыры түзөтүү

Тирилчилик тагдыры анын тукум куучулугуна, өзгөрүшүнө, жашоо үчүн күрөшкө жана табыгый тандалууго байланыштуу. Бул шарттар тирилчилик келечекте өрчүп-өнүгүүлөрү үчүн эң маанилүү. Мисалы,, тукум куучулукту алып көрсөк, балдары ата энелерине окшош, мындай түрдөгү окшоштуктун укумунан тукумуна берилиши тукум куугучтуктун касиети деп аталат. Бул эч бир далилди талап кылбаган чындык. Мисалы, сүт эмүүчүлөрдө кепшөөчүлөрдөн кепшөөчүлөр, жылкыдан жылкы туулат, бирок эч убакта эшек же зебра туулбайт, же болбосо ар түрдүү жаныбардын (иттердин, мүйүздүү малдардын, үй мышыктарынын, көгүчкөндөрдүн породаларынан, же болбосо өсүмдүкдүн сортторунан өзүлөрүнө гана окшош пародалар жана сорттор туулушат же өсүшөт.

Тукум куучулук түзөтүү

Ата энелеринин тукум куучулук касиеттери жалаң гана сырткы, ички көрүнүштөрү, түзүлүштөрү менен чектелбестен, алардын келечектеги укум тукумуна жашоого жөндөмдүүлүктөрү, жүрүш туруштары жана башка жактары; өсүмдүкдө болсо, жыты, сырткы көрүнүштөрү, боөктору бат же жай өсүүлөрү жана башка сапаттары берилет.

Тукум куучулук белгилеринин берилиши ж-дө Ч.Дарвин мындай мисал келтирген. Ламберта деген кишинин денесинде сөөлдөрү болгон, алар түшүшүп, кайра жаңырышып турчу экен, б.а. сөөлдөрү "түлөп" турган канаттулар жана сүт эмүүчүлөр сыяктуу. Ламберттин алты баласы болгон, төрөлгөн балдарынын денеси 6 жумага чейин сөөлдөн таза болушкан, андан кийин балдарынын денесинде атасыныкындай сөөлдөр пайда болушкан. Ал кишинин беш баласы бойго жетишип үйлөнө электе өлүп калышкан, алтынчы баласы чоңойуп үйлөнүп балалуу болгон, мунун дагы балдарынын денелери атасыныкы кандай пайда болсо, алардын дагы так ошондой жол менен денелерин сөөлдөр каптаган, мындай түрдөгү тукум куугучтуктун касиети жалаң гана эркек балдарына берилген.

Тукум куучулук аркылуу ата энелеринин сулуулугу, анын эстүүлүгү жана башка жакшы, жаман сапаттары, тубаса кемчиликтери укумунан тукумуна берилет. Башка дагы бир мисал, бир үй бүлөдө балдардын энесинин колунда кошумча же толук өрчүбөгөн манжалары болгон, бул тубаса табыгый кемчилик жалаң гана кыздарына берилген, эркек балдарында бул тубаса оору берилген эмес.

Тукум куугучтуктун касиетинин укумдан тукумга берилиши татаал, өзгөчө, молекулалык деңгээлде бериле турган кубулуш. Омурткасыз жана омуркалуулардын арасында эки жыныстуулар жокко эсе, алар айрым жыныстуу организмдер. Көпчүлүк учурда эркеги өзгөчө белгилери менен ургаачысынан айырмаланат. Кушта, көпчүлүк омуркалуу жаныбарда эркек жана ургаачылары бири биринен сырткы көрүнүшү айырмаланып турат. Мис., тооктун корозу, күрптүн, кыргоолдун ж.б. эркеги сырткы көрүнүшү менен ургаачысынан өзгөчө айырмаланат. Бул эки башка жыныстуулардын сырткы белгилери. Жогоруда айтылгандардан тукум куугуч белгилердин жалаң эркектерине же жалаң ургаачыларына белүүнүсү белгилүү закон ченемдүүлүккө баш ийет деп жыйынтык чыгарууга болот.

Ч. Дарвин тукум куугучтук ж-дө дагы бир мисал келтирген. Көбүнчө эркектер түсү так ажырата албайт. Бир тууган 8 үй бүлө, беш ата өткөн ооруга чалдыгышкан. Үй-бүлөнүн жалпы саны 61 кишиден турган, анын ичинен 32 эркек, алардын ичинен 18 киши түстө ажыратууга жөндөмсүз болушкан, ал эми 29 аялдын ичинен экөө гана бул ооруга чалдыккан. Ушул маалыматтардын негизинде Ч.Дарвин мындай деген жыйынтык чыгарган: бул оору аялдарга караганда эркектерге көбүнчө мүнөздүү. Башка бир учурда мындай белгилер эркек менен аялдарга бирдей берилет.

Колдонулган адабият түзөтүү

  • "Биология" энциклопедиялык окуу куралы. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. -Б.:2004, ISBN 9967-14-002-4