БОЗ ҮЙДҮ ТИГҮҮ — Элибизде үйдү тигүүнүн да өзүнчө жол-жобосу сакталган. Үйдү тигүүдө конуштун шартына карай орун тандалат. Үйдү сууга жакын, жол тарапты беттеп, шамалга каршы келбегендей түз жайга тиккен.

Илгери үйдүн эшигин чыгышты каратышкан. Жайдын күнүндө бир нече үй бир короо айыл болуп конуп, көбүнчө үйлөрдү короого тегерете тигишкен. Эшиктерин короонун ортосуна каратпай, жогоруда айтылган эреже так сакталган.

Боз үйдү тигүүдө оболу төр керегеси жайылат. Анын канаттары оңго жана солго керилет. Бири-бирине ашталган кереге саканак ортолору атайын сызма жана эшме жип саканак таңгыч аркылуу арчындалып бекем тартылат. Канат керегелердин бир жак учу, боз үйдүн босого-таягы да босого таңгычына ушундайча бекитилет. Тегеректеле канат керегелер жайылгандан кийин, кереге чалгыч салынат да, эки жагындагы жел боолорунун башы бакан (ал түндүк бакан деп аталат) менен кошо түндүктүн чок ортосундагы чамгарагынан ачасына аштай бир адам кармап, үйдүн чок ортосуна туруп, өйдө көтөрүп берет. Түндүктүн көзчөлөрүнө ууктардын адегенде ар кай жерине туш-туштан сая башташат. Бир нече уук сайылып, уук боолор кереге баштарына байлангандан кийин түндүктү ошол ууктар көтөрүп калат.

Ууктун учтары түндүктүн көзчөлөрүнө буралып, имериле сайылса, үй өчөйүп, сынын бузуп, бөйрөктүү болбой калат. Ошондуктан, үй тигүүчүлөр уук баштары менен кереге учтарын кайрадан карап, түздөп чыгат да, түндүгү ортодо туура турганын байкагандан кийин, уукту ар бир кереге башына аштай байлайт. Эгер бир тарабынан уук көбүрөөк тизилсе, түндүк ошол жагына көтөрүңкү көрүнөт. Бул учурду кыргыздар «түндүк чыгып кетти» деп коюшат. Мындай убакта түндүк чыгып кеткен жактын карама-каршы тарабындагы керегенин бооруна жел боону алып барып, катуу тартып, байлоо керек. Боз үйдүн жыгачы турган соң, эшик тыштын чий чырмакталган узун учунун атайын керилген сызмасы түндүктөн илинип, түндүк босогого казык бош чалынат. Андан кийин жабык башты, тегиричти жаап, кереге таңгычты керегенин белинен жүгүртүп, эшик таякка курчай чымырата таңып алат. Канат чий керегеге курчалат. Боз үйдүн канат чийи экөө болот. Анын аралары кереге көздөрүнө, учтарындагы эшме чыйрак жиби эшик босогого бекитилет.

Үйдүн кош туурдугу (тутуусу) да кадимки канат чий өңдүү керегеге жабылып, туурдуктун бел кырчоосу курчалат. Туурдуктун сызма, терме, букары болоору ууктарга артылып келип, кереге көздөрүнө байланат.

Үзүктү жабууга үч киши керек. Оболу анын боолору ичине келтирилип, үзүк тумарча кылынып, үч бүктөлөт да, ортосундагы адам бакан менен орто белинен өйдө шап көтөрөт. Үзүктүн үстүңкү жээктери түндүктүн түбүнө такалат. Анан четки экөө үзүктүн эки этегин ылдам жайып кетет. Үзүктүн сырткы эшме боолору уук-кереге көздөрүнөн арта салынып келинип, бел кырчоо жипке илме тартылып, кайра керегенин түбүнөн ичкери карай өткөрүлүп, керегенин төртүнчү көзчөсүнө илмектүү байланат. Түндүк жабуу сыртын карай эки бүктөлүп, боз үйдүн артынан бир адам эле так өйдө көтөрүп, бакан менен жабат. Анын төрт боосунун бирөө үйдүн артына, экөө эки капталына бел кырчоого байланат. Алдыңкы жиби түндүк жабууну алга-артка тартууга жана түрүлгөн эшикти байлап коюуга ылайыкталып, беркилерден жоонуураак келет.

Ошентип, үйдүн бардык жабуусу жалаң ача бакандын жардамы менен жүргүзүлөт. Жаз жана күз мезгилдеринде үйдү тигер замат сыртынан сол жана оң капшытына казык кагып, аркан менен бастырат. Бул шамалдан сактайт. Төргө казык кагып, ага эки жел боону катуу тартып байлаган учурлар да болот. Үйдүн ортосунда коломто жайлашат да, төрдөн улагага жакын келет. Коломто чок ортодо болсо, түтүн жакшы чыкпайт. Ошондуктан боз үйдүн алдыңкы үзүгү арткы үзүгүнө караганда тез карарып кетет.

Маалыматтын булагы

түзөтүү

Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү. Бишкек 1996: ISBN — 5-655-00960-9(жеткиликсиз шилтеме)

Калып:Архитект-stub