Бонапартизм
1) тарыхый жактан таптардын ортосунда «жылмалоочу», саясий-согуштук диктатуранын формасы;
2) ХIХ к. аягында жашоосун токтоткон Бонапарттардын династиясына багытталган саясий агым.
Анын негизги белгилери:
1)мамлекеттин үстүнөн көзөмөл;
2) армияга таянат;
3) социалдык-таптык маселелерди тез жана жылма чечүү жөнүндө демагогдук аракет, билдирүү. Бонапартизм термини ХVIII–ХIХ к. башында саясий структураларды түшүндүрүү үчүн колдонулат. О. Бисмарк жана П. Столыпиндин ишмердиктерине Бонапартизм мүнөздүү болгон. Бонапартизм ошондой эле Сталиндин саясатына да тиешелүү – ал өз саясий душмандары Л. Д. Троцкий, М. М. Тухачевский, Т. К. Жуковду «Бонапартизм». үчүн айыптоо маневрин колдончу. Бонапартизмге окшош көп кырдаалдар ХХ к. экинчи жарымында Латын Америкасында көп байкалат. Мисалы, Пиночеттин режимин – необонапартизм деп коюшат. Мында Бонапартизм үчүн сөзсүз экинчи императордук бийлик керек эмес, бирок армияга таянуу эң негизги болуп кала берет. Саясий психологиялык планда Бонапартизм лидерликтин стили катары төмөндөгүдөй каралат: биринчиден, провокация, күчкө сыйынуу, манипуляция; экинчи жактан, мобилдүүлүк, таасир көрсөтүү каражатын тандоодо өтө айлакерлик. Саясий «оюндун» негизги эрежелери:
а) «тартипке чакыруу» максатында штампты пайдалануу;
б) бийликти кармап калуу үчүн саясий ураандарды тез арада өзгөртүү;
в) «тапсыз», «партиясыз» деген түшүнүктөрдү кеңири колдонуу. К. Маркстын «Луи Бонапарттын он сегизинчи брюмери» эмгегинде классикалык мүнөздөмө берилет: Бонапартизм – бул бир социалдык күчкө таянуу, башка бир күчтү активдүү пайдалануу, үчүнчү бирөөнү тукуруп (армия) андан кийин бардыгын басуу». Бир гана кызыкчылык – бийлик сакталып калышы үчүн курмандыкка бардыгы чалынат. Н. Р. Бакунин тескерисинче, Бонапартизмге башкача мүнөздөмө берет. Ал: боюнча Бонапартизм эч кандай социалдык, саясий, экономикалык» өнүгүү менен байланышта эмес, жөн гана француз коомундагы таптардын ортосундагы терең пикир келишпестиктерден пайдаланган каракчылардын бандасы жана анын колунда эң күчтүү каражат – коррупция бар деген. Коррупция дегенди Бакунин – индивиддин коомдук пайдага жана биримдикке өз жеке кызыкчылыгы үчүн кайдыгер карашын түшүндүрөт. Ушул Бонапартизм үчүн түрдүү социалдык атмосферасы бар улуттук аймактарда негиз түзүлүп, жаңы варианттардын пайда болушуна алып келди.

Колдонулган адабият түзөтүү

Саясат таануу. Энциклопедиялык окуу куралы, 2004, Бишкек
Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору
Башкы редактор: Ү. Асанов. Жооптуу рекдактор: А. Акунов Ред. кеңеш: Б. Солтонбеков (төрага), А. Акунов, Т. Ожукеева, К. Байболов, ж.б