"Валкири" (англ. Valkyrie, орус. Операция «Валькирия») — 2008-жылы тартылган америка-немец тарыхый триллери. Экинчи дүйнөлүк согуш маалында Үчүнчү рейхтин тушундагы окуяларды чагылдырат. 1944-жылдын 20-июлунда немец армиясынын офицерлери Адолф Гитлерди киши колдуу кылып, "Валкири операциясын" өлкөнү көзөмөлгө алыш үчүн улуттук шашылыш планды колдонушат. "Валкири" тасмасын режиссер Брайан Сиңер Американын United Artists студиясы үчүн тарткан. Башкы каармандын образын Том Круз (Клаус фон Штауффенберг) жараткан. Тасмага тартылгандар Кеннет Брана, Билл Найи, Эдди Иззард, Теренс Стэмп жана Том Уилкинсон.

Круз саентология (Германияда бул агымга шектүү карашат) ишенимдерин кармангандыктан актердун тасмага тартылышы немец саясатчыларынын жана фон Штауффенберг үй-бүлө мүчөлөрүнүн арасында карама-каршы пикирлерди жараткан. Буга байланыштуу тасма тартуучулар башында Германиядагы жерлерди аныктоодо кыйынчылыктарга дуушар болушкан, бирок кийинчерээк алар тасма тартылуучу жерлерге, анын ичинде Берлиндеги тарыхый Бендлерблок комплексине да жеткилик алышкан. Немец гезиттери менен киночулары тасманын тартылышын жана фон Штауффенберг тууралуу дүйнө жүзүнө маалымат таратуу аракетин колдошкон.

Тасманын көрүүчүлөргө сунуштала турган күнү бир нече жолу жылып олтурган. Башында 2008-жылдын 27-июнунда делсе, кийин 2009-жылдын 14-февралына чейин созулуп кеткен. Күндөрүнүн өзгөрүшү жана United Artists студиясынын маркетинг кампаниясына болгон суук мамиле уюмдун туруктуу иш алып кете алышы боюнча сын-пикирлерге жол ачкан. Сынама экрандаштыруу жакшы өткөндөн кийин "Валкири" Түндүк Америкада 2008-жылдын 25-декабрында көрүүчүлөргө сунушталган. United Artists студиясы жаңы жарнамалык кампаниясында Крузга басымды азайтып, Сиңердин эмгегин ачып көрсөтүүнү чечкен. Тасма АКШ менен Германияда бир беткей ой-пикирге ээ боло алган эмес. "Валкири" Германияда 2009-жылдын 22-январында көрсөтүлө баштаган.

Сюжети түзөтүү

Тартылгандар түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү