Венгриядагы революция
Венгриядагы революция (1848 - 49) - өлкөдөгү крепостной түзүлүштү жанa улуттук эзүүнү жоюу, Венгриянын көз карандысыздыгына жетүү максатын көздөгөн буржуазиялык революция. Габсбургдар бийлеп турган Венгриядагы ички карама-каршылыктар (агрардык маселе, элдин саясий укуксуздугу ж. б.) революция жолу менен гана чечилмек.
Бул революциядагы буржуазия- либерал жанa демократчыл орто дворяндардын бир бөлүгү дыйкандарды крепостной укуктан бошотууга, Венгриянын экономика жанa саясий жактан өз алдынча болушуна мүдөөлөш болгон; бирок феодалдык тартиптердин толук жоюлушун, славяндар менен башка элдердин тең укукка жетишин каалаган эмес.
Көтөрүлүш 1848-ж. 15-мартта Пешт шаарында чыккан; көтөрүлүштүн башында революциячыл демократ Шандор Петёфи турган. 17-мартта император Фердинанд граф Баттьяни башкарган венгр өкмөтүн түзүүгө макулдук берген. 18-мартта мамлекеттик чогулуш буржуазия бир катар реформаларды кабыл алса да, Венгриянын толук көз карандысыздыгын жарыялоого батынган эмес. Революция ушундан улам күч алган. Аны басуу үчүн 11-сентябрда Австриядан армия келген. Өлкөдө мекенди коргоо комитета түзүлүп, ага Лайош Кошут жетекчилик кылган. Революциячыл армия империялык аскерлерин талкалап, Улуттук чогулуш Габсбургдар династиясы кулатылды деп жарыялаган. Бирок парламенттин либералчыл бөлүгү эл массасынан чочулап, Габсбургдар менен келишип кеткен. Габсбургдардын суроосу менен падышалык Орусия 1849-ж. Венгрияга интервенция жасап, 13-августта венгр армиясын багындырган. Бир нече жумадан кийин революция да басылган. Бул революция жеңилип калса да, өлкөдөгү феодалдык-крепостной түзүлүшкө сокку уруп, капиталисттик мамилелердин өсүшүнө жол ачкан; бошт. жанa көз карандысыздык үчүн андан кийинки күрөштө венгр элине дем берген.
Колдонулган адабияттар
түзөтүүКыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.