Вермикулит - (лат. vermiculus кичинекей курт) гидрослюдалар тобундагы минерал. Химиялык формуласы Mgx(Mg, Fe)3-x[AlSi3O10](OH)2-4H2O. Кошундулары: Ca, Ni. Агрегаты кабырчыктуу, чанда кристалл түспөлүндө болуп, алтындай сары, күрөң. Моноклин сингониясында кристаллданат. Катуулугу Моос шкаласы боюнча 1-1,5. С. салмагы 2,4-2,7, тыгыздыгы 2400-2700 кг/м3. Вермикулитти 400°Сге чейин ысытканда көлөмү он эсеге чоңоёт. Биотит, флогопит минералдарынын өзгөрүшүнөн пайда болот. Жылуулук, үн өткөрбөөчү материал ж. б. катары курулуш ишинде жана химиялык өнөр жайында, айыл чарбасында колдонулат.

Вермикулит.

Колдонулган адабияттар түзөтүү