Ислам (ар.الإسلام — моюн сунуу, (Аллахтын буйруктарына) багынуу) — дүйнө жүзүндөгү эң таасирлүү чоң диндердин бири. VII кылымда Арабиянын Хижаз аймагында пайда болгон жана бул диндин пайгамбары Мухаммед пайгамбар﴾ﷺ﴿ болуп саналат. Исламды тутунгандар «муслимун» деп, жекелик түрдө «муслим» деп аталат, ошондой эле «мусулман» делген варианты да бар.
Учурда алар 1.62 миллиард адамга жетет.
"Ислам" (араб. الإسلام) сөзү араб-семит тилиндеги "са-ла-ма" ("тынчтыкты жайылтуу") деген этиштик тамырдан келип чыгат. Исламда да Нух (Ной), Ибрахим пайгамбар (Авраам), Муса (Моисей), Дауд (Давид), Сулайман (Соломон), Иса (Иисус) ж.б. пайгамбарларга берилген аяндарга болгон ишенич бар, ал эми Мухаммед пайгамбар ﷺ алардын жолун уланткан акыркы пайгамбар катары каралат. Бирок мурунку пайгамбарларга түшкөн китептер жана барактар кийин өзгөрүүгө учураган деп эсептелинет.
Таравих (ар.تراويح - тыным, эс алуу, дем алуу) - Рамазан айында боло турган орозонун ар бир күнүнөн кийинки түнкүсүн окулуучу намаз. Алгачкы 4 рекетти окулгандан соң, бир азга тыным алып, анан улантыш керек болгондуктан, «таравих» сөзү арабчадан «тарвиха» (отуруу, эс алуу) деген сөздөн келип чыгат. Мусулмандар үчүн таравих-намазды окуш муаккад сүннөт (зарыл сүннөт) болуп саналат.
Таравихти окуунун зарылчылыгы тууралуу Мухаммед пайгамбардан ﷺ калган хадистер бар. Көбүнчө, Бухари жыйнагында Мухаммед пайгамбардын ﷺ Рамазан айында мечитте түнкү намаз окуган окуясы келтирилет.
Мухаммед пайгамбар (араб. محمد, туулган убагы: 22-апрель, 571-жылы (же 570-ж.), рабиүль-Аввал айынын 12синде, дүйшөмбү күнү, күндүн чыгышына аз калганда, Меккеде — өлгөн убагы: 632-ж., 8-июнь, Мадинада) — Ислам динининпайгамбары. Ислам ишеними боюнча, Кудай Мухаммед пайгамбарга ﷺ ыйык китеп болгон Куранды түшүргөн.
Андан тышкары саясий инсан, анын ﷺ башкаруусунун натыйжасында Араб жарым аралындагы күчтүү жана жетишээрлик чоң мамлекетке айланган умма мусулмандар жамаатынын негиздөөчүсү жана башчысы.
Пайгамбарлык 40 жашында келген. 63 жашында бул дүйнөдөн өткөн. "Мухаммед" деген ысым "Макталган", "Мактоого татыктуу" деген маанини билдирет. Исламда Мухаммед пайгамбар ﷺ Элчи, Расул, Мустафа, Махмуд, Башир (Элчи), Надир (Эскертүүчү), Мудаккир (Эске салуучу), Шахид, Да'и (Аллахга жакындатуучу) деген ысымдар менен да белгилүү. Куранда Мухаммед пайгамбар ﷺ кээде «Ахмад» деп да аталат (61:6 сүрөсү) (ар.أحمد). Кыргыздарда анын ысмы ﷺ Муккамбет, Мамбет, Мамат түрүндө өзгөрүп, адамдарга ысым катары коюлуп келген.
Мухаммед пайгамбардын аты аталган кезде жана жазылганда артынан ар дайым «Салла-Ллаху ъалайхи уа саллам» (ар.صلى الله عليه وسلم) — деп айтылат.
Алхамду лилллах (Аллахка мактоолор болсун) таразаны толтурат.
Субхааналлах (Аллах ар кандай кемчиликтерден алыс, таза) жана Алхамду лиллах (Аллахка мактоолор болсун) мына ушулар көк менен жердин ортосун толтурат.
Намаз бул – Нур,
садака бул - далил,
сабырдуулук жаркыраган жарык,
а Куран болсо сенин пайдаңа же сенин зыяныңа – далил.
Ар ким ар күнү өз напсисин соодага салат анан аны куткарып алат же аны өлтүрөт."
20-январь, ыйык жума күнү Кыргызстандын аймагындагы бардык мечиттерде 16-январда Дача СУ айылындагы авиакырсыктан көз жумган жарандарга арналып Куран окулмакчыТолугураак
Бразилиялыктар барган сайын Исламды кабыл алышууда. Ислам таануучу Пауло Пинто маалымдагандай, Бразилияда мусулмандардын саны миллиондон ашып калды. 2000-жылы 30 дай гана мечит болсо, учурда алар саны 127 ге жетти. Толугураак