Генеалогиялык метод (гр. genealogia - санжыра) - уруулардын , жеке адамдардын тек - жайын, тууганчылык байланыштарын иликтеп, санжырасын же тукум тарыхын изилдөө. Бул ыкманын негизинде бир урууга кирген үй-бүлөнүн мүчөлөрүнүн санжырасын түзүп, нормалдуу белгилердин жана ар кандай оруулардын кийинки муундарына өтүшүн изилдөө жатат. Г. м. XIX к-дын аягында Ф. Гальтон тарабынан илимге киргизилген.

Бул метод менен адамдын көп белгилеринин тукум куума мүнөзүн жана тукум куума көп ооруларды аныктоого мүмкүн болду. Адамдын кээ бир жөндөмдүүлүктөрүнүн тукумга берилиши (Мисалы, музыкага, математикалык ой жүгүртүүгө шыктуу болушу жана башка) Г. м. менен аныкталган. Буга Бахтардын жана Штраустардын үй-бүлөсү мисал боло алат. Бахтардын үй бүлөсүндө бир катар муундарда көп музыканттар чыккан, алардын катарына даңктуу композитор Иоганн Себастьян Бах кирет. Улуу адамдардын (А. С. Пушкин, М. В. Ломоносов, В. И. Ленин жана Ульяновтор жана башка тегин сүрүштүрүүдө жана өмүрүн изилдөөдө генеалогия бөтөнчө маанилүү орунду ээлеген.

Г. м. эки этапты өзүнө камтыйт: үй-бүлөө ж-дө санжыра топтоо жана генеал. анализдөө.

Санжыра 3-4 муундан кем эмес маалымат камтыйт, андан соң атайын белгилер аркылуу (9-сүрөт) санжыра схемасы түзүлөт (10-сүрөт). Санжыра схемасы түзүлгөндөн кийин, экинчи этап генеал. анализ жүргүзүлөт. Генеал. анализдин максаты генетикалык законченемдүүлүктөрдү аныктоо. Алгач белги тукум куугучтук мүнөздө экендиги аныкталат. Андан кийин белгинин тукумуна берилүү тиби: доминаттык, рецессивдик, жыныс менен чиркелишкен жана башка генетикалык законченемдүүлүктөр аныкталат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү