Географиялык мектепкоом жана элдин өнүгүшүндө бирден-бир ролду географиялык абал менен табигый шартта ойнойт деген социологиядагы натуралисттик агым.

Бул багыттын жеткен формасы механикалык географиялык детерминизм, бул боюна адамдын иш-аракетин толугу менен табигый чөйрө шарттайт. Географиялык чөйрөнүн (өзгөчө климаттын) каада-салтка, адеп-ахлакка, башкаруу мүнөзүнө жана айрым коомдук-тарыхый процесстерге таасир этүү маселесин антикалык авторлор да караган. (Гипократ, Геродот, Полибий). Капитализмдин калыптануу доорунда (16–18-к.). коом жана анын мекемелеринин өнүгүшү спецификалык табигый шарттардын таасири астында болот (Монтескье, Тюрго ж. б.) деген объективдүү идея прогрессчил болгон, анткени ал тарыхты мифологиялык-теологиялык талдоолорго карама-каршы турган.

Географиялык мектептин багытына дал келген кең-кесири социологиялык система 19-кылымда түзүлгөн (Бокль, Кузен, Ренан, Тэн). Социалдык-философиялык ой-пикирдин эволюциясы коом менен табиятты глобалдык деңгээлде салыштыруудан геогографиялык чөйрөнүн ар түрдүү факторлорунун таасирин (климатты, кыртышты, флораларды, космостук процесстерди ж. б.) изилдөөгө өткөн. Империализм доорунда Географиялык мектептин чегинде өтө реакциячыл агым немис геосаясатчылардын мектеби келип чыккан. Географиялык мектепти антиисторизм жана натурализм бөлүп турат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004, ISBN 9967-14-020-8