Гесс мыйзамытермохимиянын негизги мыйзамы.

Бул мыйзам боюнча реакциянын жылуулук эффекти реакцияга кирген заттардын баштапкы жана акыркы абалдарына гана көз каранды болуп, процесстин ара стадияларына баш ийбейт.

Аны 1840-жылы орусиялык химиги Г. И. Гесс (1802—1850) ачкан. Гесс мывйзамы — энергиянын сакталуу мыйзамынын бир формасы.

Анын жардамы менен реакциялардын белгилүү жылуулуктарын жыйынтыктоо аркылуу реакциянын белгисиз жылуулугун табууга болот.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.