Гидрослюдалар (гидро... жана слюдалар) — алюмосиликаттардын тобундагы слюдаларга окшогон минералдар.

Алар кабатталып турат жана составында суу болот. Ысытуудан кабатчаланып, көөп чыгышынан ж-a составындагы суунун бууланьш кетшишен Гидрослюдалардын көлөмү кескин чоңоёт.

Гидрослюдалардын пайда болушу негизинен гранит, пегматит ж. б. тоо тектериндеги слюда минералдарынын бузулуп үбөлөнүшу ж-a өзгөрүшү м-н байланыштуу. О. эле диагенездин натыйжасында алюмосиликаттуу деңиз чокмөлөрүнүн ажырап бөлүнүшүнөн ж-a сейрек учурда төмөнкү температуралуу гидротерм кендеринде руда тарамдарына жанаша жаткан тоо тектердин өзгөрүшүнөн да пайда болот.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.