Гипабисалл тоо тектери (гр.hyp — сапаттын начарлашын туюндурган сөз мүчөсү ж-а abyssos — түпсүз) — жер кыртышынын терен эмес катмарында пайда болгон магмалык тоо тектердин жалпы аты.

Гипабисалл тоо тектери. со­ставы жана структуралык өзгөчөлүктөру боюнча өтө тереңде пайда болгон (абиссалдык) жана эффузив тоо тектеринин ортосунда. Структурасы пор­фир сымал келип, майда жана орто бүртүкчөлуү. Гипабисалл тоо тектери көбүнчө жаш тоо аймактарында липарит-порфир, гранит-порфир, габбро-диабаз сыяктуу тоо тектерден туруп, өчкөн жанар тоонун түбү, дайка, силл, шток, лакколит түрүндө кездешет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.