Гозо
Гозо (лат. Gossypium), пахта – гүлкайырлар тукумундагы бир жана көп жылдык була өсүмдүгү. Бадал жана чөп. Анын 37 түрү белгилүү (32си жапайы, бешөө эгилме). Америка, Азия, Африка жана Австралияда өсөт.
Буласын алуу үчүн көбүнчө бир жылдык Г. эгилет. Эгилме гозонун тамыры мыкты өнүккөн, жерге 2,4–2,6 м терең кирет. Сабагы түз, бийиктиги 70–200 см, 715 каптал бутактары бар. Жалбырагы чоң, 3–7 тилкелүү, кезектешип жайгашат. Гүлү ак, сары; кош жыныстуу, өзү менен өзү чаңдашат. Кайчылаш чаңдашканы сейрек кездешет. Косеги чоң, 3–5 уялуу чанак, була алынат. Бир чанакта 2540 урук болот. Уругу сүйрү, айрымдары түктүү, 1000 уругунун салмагы 80–160 г. Вегетация мезгили 110–145 күн. Уругу 7–10 күндө өнүп чыгат. Кургакчылыкка чыдамдуу, нымдуу, жылуу, күнөс жерде, күрдүү топуракта жакшы өсөт. Гозо негизги техникалык өсүмдүктөрдүн бири. Гозо буласынан кездеме токулат жана автомобиль, авиация өнөр жайында пайдаланылат, ошондой эле кебез, целлюлоза, линолеум, лак, пластмасса, кагаз ж. б. жасалат. 100 кг косектен 34–35 кг була, 55–57 кг урук, 12 кг гозо тыбыты алынат. Уругунан (майлуулугу 22–29%) пахта майы, маргарин, самын алынуучу май, глицерин жана стеарин, күнжара (баалуу тоют), урук кабыгынан этил жана метил спирти, лимон кислотасы алынат.
АКШ, Иран, Индия, Пакистан, Азербайжан, Тажикстан, Өзбекстанда, Кыргызстанда жана Казакстандын түштүгүндө, Азербайжанда эгилет. Гозонун 800дөй сорту чыгарылып, анын 130 сорту (50 сорту ичке булалуу) райондоштурулган. Гозого омурткасыздардын 214 түрү (анын 207си муунак буттуулар) жана курт-кумурскалар (желелүү кене, гозо бити, гозо үкүчөсү) зыян келтирет. Илдеттери: фузариоз, акбалек, гоммоз, тамыр чириги ж. б.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055-4