Готфрид Вильгельм Лейбниц

Готфрид Вильгельм Лейбниц (1646—1716) — немец философу. Анын турмушу жана ишмерлиги Германия үчүн оор мезгилде өткөн. Отуз жылдык согуш өлкөгө көптөгөн кыйратууларды, бүлүнүүнү алып келди, бул мезгилде Германия саясый жактан бытыранды болуп калат. Диний идеология үстөмдүгүн улантып, философиялык турмуш солгундап кеткен эле. Лейбниц — бардык жагынан өнүккөн философ жана окумуштуу, математик, физик, юрист, тарыхчы , тилчи жана ойлоп чыгаруучу болгон. Ал Лейпциг жана Йен университеттеринен билим алат, анда юридика билимдерин жана философияны окуйт.

Готфрид Вильгельм Лейбниц

Кызматтары түзөтүү

1676-жылдан тартып ганновердик герцогдордун карамагында китепканачы, тарых санжырачысы жана юстициянын жашыруун кеңешчиси болуп кызмат өтөйт. Кеңири жана көп тараптуу практикалык жана теориялык иштерди жүргүзөт. Лейбництин турмушунун мүнөздүү өзгөчөлүгү — теорияны практика менен айкалыштырууга умтулуу болгон. Ньютонго байланышпай, өз бетинче дифференциалдык жана интегралдык эсептөөлөрдү ачкан, чоң сандарды эсептеп чыгарууга жөндөмдүү болгон эсептөөчү машинени ойлоп чыгарат, ошондой эле экономикалык маселелер боюнча иш жүргүзүп, инженердик ишмерлик менен алектенет. Тарыхый жана саясый макалаларды жазат, айрыкча аны илимий эмгекти уюштуруу маселеси кызыктырган, ал Берлин Илимдер академиясынын долбоорун иштеп чыгат да, кийин анын президенти болуп калат.

Эмгектери түзөтүү

Лейбництин философиялык-адабий мурасы өтө зор. Жогоруда айтылган макалалардан, трактаттардан, диалогдордон башка да анын өзүнөн кийин өзү жеке тааныш болгон же сырттан тааныган ар түрдүү окумуштууларга жана философторго жазган 15000 каты калган. Лейбництин негизги философиялык чыгармалары төмөнкүлөр: «Метафизика жөнүндө ой жүгүртүү» (1685), «Адам акыл-эси жөнүндө жаңы тажрыйба» (1705), «Теодицея» (1710), «Монадология» (1714).Лейбництин философиясында ошол ченде европалык философияда иштелип чыккан дээрлик бүткүл философиялык идеялар чагылтылган. Анын философиялык системасы — байыркы мезгилден өз заманына чейинки философиянын — Платондун, Августиндин, Декарттын, Гоббстун, Спинозанын жана башкалардын философиясынын негизги концепцияларын кайрадан иштеп чыгуу боюнча көп жылдык эмгегинин натыйжасы. Лейбництин философиясында ага чейин жетишилген рационалдуу ой-пикирлер синтезделген, ал европалык рационализмди аягына жеткирген. Өткөндүн философиялык концепцияларына ал булардын бардыгы олуттуу баалуулуктар болуп саналат, анткени «көпчүлүк мектептер өзүлөрүнүн ырастоолорунун олуттуу бөлүгүндө туура пикирлерди айтышкан, бирок танган нерселеринде жаңылышат» [Чыгарм. 1-т. 531-6.] деген тургудан мамиле жасаган. Ошол эле убакта Лейбниц өзүнөн мурдагы философтордун концепцияларын абдан кунт коюп изилдеп үйрөнүп, алардын көбү менен макул болгон эмес.

Декарттык дуализмге болгон Ал декарттык дуализмге каршы чыккан, ошондой эле декарттын тубаса идеялар жөнүндөгү тезисин, ошондой эле Спинозанын бирдиктүү субстанция жөнүндөгү жобосун кабыл алган эмес, жана мындай позиция чындыкты жансыз кылуу болуп саналат деп эсептеген. Локктун «Адам акыл-эси жөнүндө тажрыйба» деген чыгармасына жооп катарында жана андагы баяндалган жоболор менен макул болбой өзүнүн «Адам акыл-эси жөнүндө жаңы тажрыйба» деген эмгегин жазат. Спинозанын бирдиктүү субстанция жөнүндөгү концепциясын сын көз менен карап чыгуунун натыйжасында

Лейбництин монадология окуусу түзөтүү

Лейбництин монадология жөнүндөгү окуусу пайда болот. Лейбниц, эгерде бир гана субстанция жашап турса анда бардык нерселер пассивдүү гана болуп, активдүү болбос эле деп ойлойт. Ошондуктан ал, субстанциялар сансыз көп, анткени ар бир нерсе субстанция катарында чыгат деп ырастайт. Алар, башкача айтканда нерселер же субстанциялар, күчтү алып жүрүүчүлөр (носители сила), жана бул күчтөр бытиенин «бирдиктери» («единицами»), же монадалар болуп саналат. Бирок монада дегенибиз — материалдык бирдиги эмес, рухий субстанция, ал — активдүүлүккө жөндөмдүү өз алдынчалыкка ээ болгон бирдик. Монада өзүнүн алгачкы сапатында иштиктүү келет, дүйнөдө эч жерде пассивдүү нерселер жок.

Монадалар мурдатан алдын ала түзүлүп коюлган өз ара гармонияда турушат. Лейбництин бул түшүнүгү дүйнөдө жашап турган өз ара байланышты жана ылайыкташуучулукту ачып көрсөтүүгө тийиш. Анткени монадалар — психикалык маңыздар, ошондуктан алар бири-бирине өз ара физикалык түрдө аракеттенише албайт, бирок биз дүйнөдө ылайыкташкан ыраат-тартипти байкайбыз. Демек, ар бир монаданын өнүгүшү башталышынан эле башка монадалардын өнүгүшү менен шайкештикте турат, жана бул шайкештик Кудай тарабынан алдын ала орнотулган. Бул болсо кубулуштардагы гармонияны жана маңыз менен кубулуштардын ортосундагы гармонияны аныктайт. Монадалар жөнөкөй болот жана өзүнүн калыбынан өзгөрүлбөйт, алар бири-бирине көз каранды эмес жана туюк келет.

Лейбництин айтканына караганда «аларда анын ичине бир немелер кирип же чыга турган терезелер жок». Ошол эле убакта ар бир монада өзгөчө бир дүйнөнү түзөт, анда бүткүл дүйнөлүк тартип, бардык башка монадалар жана бүткүл дүйнө чагылышып турат. Лейбництин сөзү менен айтканда «монада — бул Ааламдын жандуу күзгүсү». Монадалар сапаттарга ээ, бул сапаттар бир монаданы экинчи монададан айырмалап турат; бири-бирине абсолюттуу түрдө окшош болгон монадалар жок.

Лейбниц монадалардын өнүгүш даражасына жараша үч түргө бөлөт. «Перцепция», пассивдүү кабылдоо жөндөмдүүлүгү менен мүнөздөлүүчү монадалар өзүнүн өнүгүшүнүн төмөнкү баскычын түзөт, алар ачык эмес элестерди гана жаратууга жөндөмдүү. Монадалардын өнүгүшүнүн андан кийинки баскычы үчүн туюмдарга ээ болуу жана ачык элестерди жаратуу жөндөмдүүлүгү таандык. Аларды Лейбниц монадалар — жандар деп атайт (монады-души). Монадалардын өнүгүшүнүн үчүнчү баскычы апперцепция жөндөмдүүлүгүнө ээ, башкача айтканда бул монадалар аң-сезимге ээ. Буларга ал өзү аң-сезимге ээ болгон адамдардын жанын таандык кылат.

Ошентип, перцепцияга, кабылдоого бардык монадалар ээ, бирок иерархиянын эң жогорку баскычынын монадалары гана өздүк аң-сезимге жетишкен индивидуалдуу программага ээ.
Өнүгүүнүн биринчи баскычынын монадалары жансыз жаратылыштын телолорунан,
экинчи баскычтыкы — биологиялык жаратылыштын телолорунан,
үчүнчү баскычтыкы аң-сезими жана өздүк аң-сезими бар адамдан өз көрүнүшүн табат. Монадалар перцепция, элестетүү жөндөмдүүлүгүнө ээ деп эсептеп, Лейбниц бүткүл жаратылыш жандуу деген пикирге келет. Монада ушинтип микроорганизмге окшош болуп чыгат.
Монадалар физикалык касиеттери жок руханий түзүлүш болгондуктан биз аларды жөнөкөй сезим менен биле албайбыз, биз аны акыл-эс менен гана биле алабыз.
Лейбництин философиясында Жаңы заман доорунда биринчи жолу өнүгүүнүн универсалдуулугу жөнүндөгү идея көтөрүлөт. Лейбництин пикирине ылайык, ар бир монада — кыймылдын жана өнүгүүнүн булагы, анткени алар активдүү күчкө ээ. Дүйнөнү бир бүтүн нерсе катарында түшүнүп, Лейбниц бүткүл дүйнөнүн динамикалык мүнөзүн баса көрсөтүүгө умтулат. Максатка ылайык аракеттенген монадалар улам көбүрөөк өркүндөгөн түзүлүштү карай такай өнүгө бере турган дүйнөнү түзөт. Дүйнөнүн ушундай тынымсыз өркүндөшү өзүнүн акыркы чегине таанып-билүүгө жөндөмдүү адам рухунда жетет. Монадалар ар түрдүү себептердин таасири астында өнүгөт: телодо өзгөрүүлөрдү пайда кыла турган себептерди ал аракеттенип турган себептер деп атайт, ички себептерди ал «максаттуу» жана «финалдык» себептер деп айтат.
Монадалардын өнүгүшү чексиз кичине чоңдуктарды — «кичи перцепцияларды» жеңип чыгып отуруу аркылуу тынымсыз ишке ашып турат. Ошондуктан монаданын ар бир белгилүү учуру келер чакты да, өткөн чакты да өзүндө камтып турат, башкача айтканда өнүгүү — монаданын түпкү мазмунунун ырааттуулук менен кеңири жайылышында турат.

Тааным маселеси түзөтүү

Тааным маселесинде Лейбниц негизинен рационалисттик позицияда турат, бирок эмпиризмдин да жана рационализмдин да кемчиликтерин жеңип чыгууга умтулат. Ал сенсуализмдин: мурда сезимде жок нерсе акыл-эсте да болбойт деген башкы тезисин кабыл алат да, бул жобону «акыл-эстин өзүнөн башка» деген пикирин кошумчалайт.

Муну менен ал тубаса ойлом жөндөмдүүлүгүнүн бар экендигин тааныйт да, акыл-эсте тубаса идеялардын жашап турары жөнүндөгү декарттык жобону четке кагат. Лейбницте сезим таанымы таанымдын төмөнкү баскычы, рационалдык таанымдын өзүнчө бир өбөлгөсү катарында чыгат, анткени сезим таанымы акыйкатты таанып-билүүнүн зарылдыгын жана жалпылыкты түшүндүрүп бере албайт.

Рационалдуу тааным гана дүйнөдө жашап бар болуп тургандардын зарылдыгын жана жалпылыгын сүрөттөп бере алат. Адам акылы, Лейбництин ою боюнча, скульптор жасай турган келечектеги фигуранын сөлөкөтү белгиленген чоң чулу мраморго окшойт.

Лейбниц эки акыйкаты түзөтүү

Билимдин пайда болуу процессин Лейбниц ушундай элестүү сүрөттөп көрсөтөт. Лейбниц эки акыйкат: фактылардын акыйкаты жана зарылдык акыйкаты жөнүндөгү окууну негиздейт..

Факт акыйкаты — бул сезимдик, эмпирикалык таанымдын натыйжасында келип пайда боло турган акыйкаттар. Булардын айрым жеке, конкреттүү нерселер менен гана иши болот, тажрыйбага негизденет жана логикалык корутундулардын жардамы менен далилденбейт, ошондуктан карама-каршы акыйкаттардын болушун жокко чыгарбайт. Мында бир кубулушту экинчи бир кубулуш менен байланыштырып турган себептик байланыштар гана аракет кылат. Бул типтеги акыйкаттар үчүн жетиштүү негиз мыйзамы аракет кылат, бул мыйзамдын жардамы менен биз бир фактынын экинчи фактыга салыштырмалуу жашап тургандыгы жөнүндө жыйынтык чыгарабыз. Ал эми метафизикалык (түбөлүктүү) акыйкаттар акыл-эстин жардамы менен ачылат, аларды таануу үчүн тажрыйба аркылуу ырастоо талап кылынбайт. Алардын акыйкаттыгы буларга карама-каршы келбей турган абалдын бар болуп жашап турушу менен эле ырасталат. Акыл-эс акыйкаттарына, Лейбництин пикирине ылайык, математика менен логиканын бардык негизги жоболору таандык. Лейбниц логиканы өнүктүрүү үчүн көп иштерди иштейт, логиканы ал мүмкүн болуучу бардык дүйнөлөр жөнүндөгү илим катарында түшүнгөн. Ал ыктымал (вероятность) түшүнүгүнө чоң маани берген. «Комбинаторика искусствосу жөнүндө» деген эмгегинде азыркы замандагы математикалык логиканын айрым бир жоболорун алдын ала айтып салган экен. Лейбницке, атап айтканда, азыркы логикада кабыл алынган бирдейлик (тождество) мыйзамынын аныктамасы таандык. Ал ошондой эле анализ жана синтез жөнүндөгү окууну да өнүктүргөн..

Лейбниц «зарылдык» түшүнүгүн иштеп чыгууга чоң салым кошкон. Зарылдыкты ал сөзсүз болууга тийиш болгон нерсе катарында түшүнөт. Эң биринчи зарылдык катарында метафизикалык, абсолюттук, ошондой эле логикалык жана геометриялык зарылдыктар чыгат. Зарылдык бирдейлик жана карама-каршылык мыйзамдарына негизденет, ошондуктан окуялардын бир гана жолу болуп өтүү мүмкүндүгүнө жол берет..

Лейбниц зарылдыктын башка өзгөчөлүктөрүн да белгилейт. Зарылдыкты Лейбниц кокустукка карама-каршы коёт, кокустукту ал субьективдүү көрүнүш катарында эмес, эркин чечимдерге жана универсумдун жүрүшүнө көз каранды болгон кубулуштардын обьективдүү байланышы катарында түшүнөт. Башкача айтканда ал аны салыштырмалуу кокустук катарында түшүнөт, кокустук дегенибиз обьективдүү нерсе жана ал белгилүү бир зарыл процесстердин кесилишкен томунда пайда болот. Себептүүлүк зарыл да жана кокус процесстерге да мүнөздүү, бирок бул эки сферада детерминация ар башкача жүрөт.

Кудайды актоо түзөтүү

Лейбницте коомго карата ырааттуу өнүктүрүлгөн көз караш жок. Идеялардын көпчүлүгү «Теодицея» («Кудайды актоо») деген трактатта баяндалат. Мында ал, атап айтканда өзүнүн кеңири белгилүү оптимизм теориясын өнүктүрөт. Биздин дүйнөбүздө көптөгөн жаманчылыктар, кемчиликтер бар болсо да жана ал жеткилең болбосо да, ал бардык мүмкүн болуучу дүйнөлөрдүн ичинен эң мыктысы жана жеткилеңи деп жазган. Бул жобо кийин «Дүйнөлөрдүн жакшысында баардыгы жакшы» деген лакап кепке айланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү