Графикалык жумуш - (грек. grapha – жазам, чийем, тартам) – графикалык каражаттар менен аткарылган сызыктарды, штрихтерди жана чекиттерден түзүлгөн сүрөттөлүштөрдү алуу. Айрым графикалык көркөм чыгармалар ар кандай полиграфиялык жолдор менен (мисалы, ксилография, гравюра, литография, цинкография жана башка ыкмалар) алынат. Түрдүү кубулуштарды изилдөө аркылуу сүрөт-төлүштөрдү алууда өз алдынча жазуучу приборлор колдонулат (мисалы, медицинадагы кардиограммалар жана башка).

Математика сабагында диаграммалар жана графиктер, пландар жана географиялык карталар, география, тарых, физика, чийүү, эмгекке үйрөтүү сабактарында схемалар кеңири колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004,