Грейзен (нем:. Greisen — бөлүнүү, ажыроо) — метасоматоз жолу менен пайда болуп, составы кварц жана түстүү слюдадан (леппдолоит, мусковит) турган тоо тек.

Грейзенде көп учурда руда минералдары (касситерит, вольфрамит, танталит, берилл ж. б.) болот. Негизинен ар түрдүү формадагы аянтчалар түрүндө, гранит массивдеринде, айрыкча алардын чет жактарында, кээде аларды курчаган тоо тектерде жатат. Сууп бара жаткан гранит интрузияларынан бөлүнгөн газ менен эритиндилердин тоо тектерди өзгөртүшүнөн гелий чыгат.

Грейзендешүү процесси менен бирге, сейрек кездешүүчү металлдардын кендери пайда болгондуктан, Грейзен аларды издөөнүн бирден бир белгиси.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.