Гүлчөдөбө – б. з-дын алгачкы кылымдарына таандык археологиялык эстелик. Гүлчө кыштагынын (Алай р-ну) аймагында жайгашкан. Алгач бул эстелик 1946-ж. А. Н. Бернштам тарабынан изилденген. Анын айланасы бекемделген төрт бурч сымал сепил түрүндө экендигин жана анын ичинде турак-жайдын, чарбактын жайгашкандыгын далилдеп, реконструкциясын жарыялаган. Ошондой эле караханийлер дооруна (10–12-к.) мүнөздүү маданий катмар аныкталып, ушул доорго мүнөздүү жез күмүш аралашмасынан жасалган тыйын табылган. Бул эстелик аскердик чеп, же мансаптуу адамдын турак-жайы болушу мүмкүн.

Колдонулган адабият түзөтүү

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамалекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.