Дальверзин эстелиги коло дооруна таандык Фергана өрөөнүнүн аймагында отурукташкан дыйканчылык маданиятынын ири борбору, Карадарыя суусунун сол куймасынын жээгиндеги Дальверзин кыштагына жакын жерде орун алган. Дальверзин эстелиги 1952-ж. Ю. А. Заднепровский тарабынан ачылып, казуу иштери 1956–60-ж. жүргүзүлгөн. Жалпы көрүнүшү тик бурчтуу, аянты 25 га. Сыртынан калыңдыгы 4–6 м, бийиктиги 2,5 м чеп менен курчалган. Борбордук бөлүгүндөгү маданий катмардын калыңдыгы 2,4–3 м. Кыштан курулган үйлөрдүн, очоктун орду жана чарбалык маанидеги чуңкурлардын саны арбын. Чопо идиштери, металл иштетүүчү устакана, металлдын калдыктары, чоподон жасалган чорго, 8 калып, найзанын уңгусу, шибеге, тешкич, ийне, кооздук буюмдар ж.б. табылган. Алардын айрымдарына боёк менен түр салынган. Дальверзин эстелигиндеги колодон, жезден жасалган буюмдардын молдугуна караганда бул жерде металл өндүрүү жогорку деңгээлде өнүккөн. Археологиялык маданий катмардын жогорку, ортоңку жана төмөнкү деңгээлдеринде адамдын сөөк калдыктары көп кездешкен. 50 көмүлгөн адамдын сөөк калдыктары изилденип, алардын 32синин антропологиялык түзүлүшү европеоид расасына таандык болгон. Көмүлгөн адамдар бүрүштүрүлгөн абалда жана узатасынан бир капталына же чалкасынан жаткырылган. Айрым көрүстөндөргө адамдын баш сөөктөрү гана көмүлгөн.

Колдонулган адабият

түзөтүү

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамалекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.