Дамбыр таш – жаз мезгилинин башталышында өткөрүлчү салттык ырымдардын бири. Жаз келип биринчи күн күркүрөгөндө, үйдөгү аялдардын улуусу эгин, чөп, сүттүн мол болушун тилеп, чаканы, көнөктү сузгу менен калдыратып «Жер жарылып көк чык, мал тойгондой көп чык, желин жарылып сүт чык» деген каалоолор менен үйдү үч айлана жүгүрүп чыккан. Калдыраткан идишин жаан басылганча кырчоого илип койгон.

Колдонулган адабият түзөтүү

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамалекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.