Данакерлөө – атайын данакерди көлкүлдөтө эритип, аны металл тетиктердин кошула турган жерине куюп, бири-бирине бириктирүү. Данакерлөө негизинен металл тетиктери бири-бири менен, ал эми айрым учурда карапа, айнек жана башка металл менен бириктирилет. Данакерлөө кол менен, ошондой эле механикалаштырылган же автоматташтырылган атайын курулмада жүргүзүлөт. Данакердин эрүү температурасына карата катуу жана жумшак данакерлөө болуп айырмаланат. Айрым учурда электр, газ горелкасы же жогорку жыштыктагы токтун жардамы менен ысытуу аркылуу индукциялык, тиймектүү жана жаалуу данакерлөө пайдаланылат. Металлдарды бекем бириктирүү үчүн алардын данакерленүүчү жери жакшы тазаланып, даты, майдын тактары кетирилиши зарыл. Данакерлөө радиоаппаратура, прибор куруу, металл идиштерди жасоо жана башка өнөр жай тармактарында кеңири колдонулат. Кыргыз зергерлери менен усталары ат жабдыктарын, кыз-келиндердин асем буюмдарын, кемер-курларды, мергенчилик, жоокердик курал-жарактарды, сандык, чыгдан, ала бакан сыяктуу үй эмеректерин жасоодо жана кооздоодо данакерлөөнү кеңири колдонушкан.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргызстан: энциклопедия