Димитровка (Сузак району)
Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы айыл
(«Димитровка, Сузак району» барагынан багытталды)
Димитровка — Кыргызстандын Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы айыл. Таш-Булак айыл аймагынын курамындагы айыл. Райондун борбору Сузак айылынан 7 км Түндүк-чыгыш тарапта. Жалал-Абад темир жол бекетинен 2 км. Деңиз деңгээлинен 750 м бийиктикте жайгашкан. Кыштак 1930-ж. негизделген. Калкы 2844 (2006); негизинен тамекичиликте эмгектенип, мал чарбасы менен алектенет. Орто мектеп, ФАП жана башка бар.
Отурукташкан жай
Димитровка
|
Калкы
түзөтүүКалкы - 2 866 киши.[1]
Булактар
түзөтүү- ↑ 1.0 1.1 Перепись населения Киргизии 2009. Джалал-Абадская область. Текшерилген күнү 26 -август (баш оона) 2014. Түп булактан архивделген күнү 10 -август (баш оона) 2011.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1