Добаев, Кыргызбай Дүйшенбекович

Добаев Кыргызбай Дуйшенбекович, педагогика илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз билим берүү академиясынын Кесиптик билим берүүнүн проблемалары борборунун директору

Добаев, Кыргызбай Дүйшенбекович
Жалпы маалымат
Төрөлгөндө берилген аты: Добаев, Кыргызбай Дүйшенбекович
Туулган жылы: 1954-жылы 15-сентябрь
Туулган жери: Соколовка кыштагы, Ак-Суу району
Өлкө: Кыргызстан
Ишмердүүлүгү: Окумуштуу, окутуучу
Багыты: Филолог, орус тилин окутуу методикасы

Кыскача өмүр жолу түзөтүү

Добаев Кыргызбай Дуйшенбекович 1954-жылы 15-сентябрда Ысык- Көл областына караштуу Ак-Суу районунун Соколовка айылында туулган. 1972-жылы Каракол шаарындагы Некрасов атындагы орто мектепти ийгиликтүү аяктаган. 1972-1974-жылдары Советтик армиянын катарында кызмат өтөгөн. 1975-1980-жылдары В.И.Ленин атындагы Москва Мамлекеттик педагогикалык университетинин филологиялык факультетинен жогорку билимге ээ болгон. 1985-1987-жылдары Москва шаарындагы Россиянын билим берүү академиясынын аспирантура бөлүмүн жемиштүү аяктаган. 1987-жылы Москва шаарында педагогика илимдеринин кандидаты илимий даражасын изденип алуу үчүн жазган диссертациясын ийгиликтүү коргоп, педагогика илимдеринин кандидаты илимий наамына ээ болгон. 1999-жылы Бишкек шаарында докторлук диссертациясын ийгиликтүү коргоп, педагогика илимдеринин доктору илимий даражасына татыктуу болгон. 1192 –жылы доцент, 2011- жылы профессор илимий наамына татыктуу болгон.

Эмгек жолу түзөтүү

Эмгек жолун Пржевальск Мамлекеттик педагогикалык институтунун филология факультетинин орус тилин окутуунун методикасы кафедрасында окутуучу болуп баштаган. 1987- 1997 – жылдары К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл Мамлекеттик университетинин филология факультетинин орус тилин жана адабиятын окутуу кафедрасынын башчысы болуп эмгектенген. 1997- 2001- жылдары К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл Мамлекеттик университетинин филология факультетинин деканы катары эмгектенген. 2001- 2002 – жылдары Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин педагогикалык кадрлардын кесиптик чеберчилигин жогорулатуу (ИППКК) окуу-методикалык башкармалыгынын башчысынын кызматында иштеген. 2002- 2003 – жылдары Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин педагогикалык кадрлардын кесиптик чеберчилигин жогорулатуу (ИППКК) окуу-методикалык башкармалыгынын окуу иштери боюнча директордун орун басарынын кызматында иштеген. 2003-2004 –жылдары Кыргыз Мамлекеттик юридикалык академиясынын (КГЮА) окуу-инспекциялык башкармалыгынын башчысынын кызматында эмгектенген. 2004-2009 – жылдары билим берүүдөгү стратегиялык жана информациялык технология институтунун (ИСИТО) окуу иштери боюнча проректорунун кызматында эмгектенген. 2005-жылдан азыркы мезгилге чейин Кыргыз билим берүү академиясынын Кесиптик билим берүүнүн проблемалары борборунун директору.

 
Добаев Кыргызбай Дүйшенбекович Кыргыз билим берүү академиясынын 60 жылдыгында

Педагогикалык жана адистик ишмердиги түзөтүү

Орус тилин кыргыз мектептерде тереңдетип окутуу, кыргыз тилинин теориялык негиздерин орус мектептерде окутуу, педагогика боюнча адис. Орус жана кыргыз тилдеринде эркин сүйлөйт жана жазат.

Илимий эмгектери түзөтүү

Билим берүүнү рефармалоонун маселелери боюнча республикалык басма сөз беттеринде 30дан ашуун газеттик макалалардын жана 90 дон ашуун жарык көргөн илимий эмгектердин автору Атайын окуу курстарын иштеп чыккан. Алар төмөнкүлөр:

«Мектептеги азыркы инновациялык технологиялар» («Современные инновационные технологии в школе»)
«Окуу процессиндеги интерактивдик технологиялар» («Интерактивные технологии в учебном процессе»)
«Кыргыз мектебинде орус тилин окутуунун лингвистикалык негиздери» («Лингвистические основы обучения русскому языку в кыргызской школе»)
«Орус тилдүү мектепте кыргыз тилин окутуунун лингвистикалык негиздери» («Лингвистические основы обучения кыргызскому языку в русскоязычной школе»)


Жарыяланган эмгектеринин негизгилери түзөтүү


1. Вуз - не ликбез для лоботрясов // Слово Кыргызстана. – 20 ноября 2001 г.
2. Всеобщее среднее просится в отставку // Слово Кыргызстана. – 10 января 2002 г.
3. Я бы в школьники пошел // Вечерний Бишкек - 17 января 2002 г.
4. О государственных образовательных стандартах // Кут билим - 15 февраля 2002 г.
5. От уравниловки – к обучению по специальности // Кут билим - 21 февраля 2002 г.
6. Об учебниках кыргызского языка в русскоязычной школе // Кут билим - 14 марта 2002 г.
7. Аккредитация-паспорт академического качества // Кут билим - 26 марта 2002 г.
8. Реформы – горизонты будущего // Кут билим - 29 марта 2002 г.
9. Качество образования – стратегические ориентиры высшей профессиональной подготовки // Кут билим - 20 июня 2003 г.
10. Преподаватель высшей школы - дополнительное профессиональное образование // Кут билим - 10 июля 2003 г.
11. Образование – главный ресурс развития // Кут билим - 19 сентября 2003 г.
12. Высшее образование: как быть дальше? // Кут билим - 20 августа 2004 г.
13. Рынок и образование // Кут билим - 26 ноября 2004 г.
14. «Мугалимин унуткан эл келечегин да унутат» (Народ, забывший об учителе - забудет и свое будущее) // Кут билим - 7 января 2005 г.
15. «Болон процесси жонундо» (О болонском процессе) // Кут билим - 4 февраля 2005 г.
16. Проблемы качества и аккредитация // Кут билим - 18 февраля 2005 г.
17. О бедном учителе замолвите слово // Аналитика - 4 марта 2005 г.
18. Кыргызстан на пути к новой модели образования // Кут билим - 18 марта 2005 г.
19. Как преодолеть кризис в системе образования? // Кут билим - 7 мая 2005 г.
20. Билим беруу тармагындагы кризистен кантип чыгабыз? // Кут билим - 29 июля 2005 г.
21. Шаги по переводу учебного процесса на международный образовательный стандарт // Кут билим - 5 сентября 2005 г.
22. Почему уходят педагоги? // Кут билим - 14 октября 2005 г.
23. Необходимо изменить траекторию школьного образования//Кут билим - 21 октября 2005 г.
24. С чего начать реформу образования? // Кут билим - 28 октября 2005 г.
25. За бортом – учитель // Вечерний Бишкек - 26 января 2006 г.
26. Бакалавр и магистр – приоритеты становления // Кут билим - 10 марта 2006 г.
27. Система оценки вузов // Кут билим - 14 июня 2006 г.
28. В чем суть кредитной системы? // Кут билим - 27 ноября 2006 г.
29. Переход общего среднего образования в Кыргызстане к 12-летней школе - за и против // Кут билим - 27 декабря 2006 г.
30. Главный рычаг преодоления отсталости // Кут билим – 26 январь 2007 г.
31. Билим берүү тармагы: кризистин өзөгү каякта? // журнал «Шоокум» август 2007 г.
32. Почему не хватает учителей при избытке дипломированных педкадров // Кут билим – 21 сентябрь 2007 г.
33. Бизге атаандаштыкка жөндөмдүү кесип ээлери керек // журнал «Шоокум» ноябрь 2007 г.
34. Куррикулум? // Кут билим – 5 сентябрь 2008 г.

 
Добаев Кыргызбай Дүйшенбекович Кыргыз билим берүү академиясынын 60 жылдыгында сыйлык алып жатат

Үй-бүлөсү тууралуу маалымат түзөтүү

Үй бүлөлүү, эки уул, эки кызы бар.

Коомдук ишмердиги түзөтүү

Кыргыз билим берүү академиясынын кабарлары журналынын катары илимий методикалык эмгектердин даярлашына жана коомго тарашына салым кошот. 2005-жылдан азыркы мезгилге чейин Кыргыз билим берүү академиясынын Кесиптик билим берүүнүн проблемалары борборунун директору. Учурда Кыргыз билим берүү академиясында жетекчилик кызматта үзүрлүү эмгектенүүдө.

Алган сыйлыктары жана ардактуу наамдары түзөтүү

Кыргыз Республикасынын Ардак Грамотасы (2011ж)

Ал тууралуу макалалар түзөтүү


Шилтемелер түзөтүү