Догдурлук көзөмөл, Врачтык көзөмөл - физкультура жана спортто - физкультура жана спорт менен машыгууларды медициналык тейлөө боюнча чаралар системасы.

Догдурлук көзөмөлдү жогорку окуу жайларындагы ыктыярдуу спорт кодедору менен балдардын жана өспүрүмдөрдүн спорт мектептериндеги догдурлук көзөмөл кабинети жана райондук поликлиника, айылдык амбулатория, мекеме жана ишканалардын медпункттарында иштеген врачтар жүргүзөт. Мектепке чейинки балдарга болгон Догдурлук көзөмөл иши балдар поликлиникасы менен консультациясындагы, мектеп жашындагы балдардыкы мектептеги врачтарга жүктөлгөн. Догдурлук көзөмөл боюнча уюштуруу методикалык иштерди догдурлук - физкультуралык диспансерлер жетектейт. Догдурлук көзөмөл ишиндеги медициналык текшерүү машыгуучулардын спорттук квалификациясына, курагына, жынысына, спорттун мүнөзүнө жараша жүргүзүлөт. Орто мектептин, кесипчилик техникалык окуу жайынын окуучулары, техникум, жогорку окуу жайлардын студенттери окуу жылынын башталышында медициналык кароодон өтүшөт да, ден соолугуна, күчүнө жана дене тарбиялык даярдыгына жараша 3 топко (негизги, даярдоочу, атайын) бөлүнүп, дене тарбия менен машыгат. Догдурлук көзөмөлдө негизинен адамдын өсүшү, нерв системасы, дем алуу жана кан айлануу органдарына медициналык текшерүү жүргүзүлөт. Аялдар гинекологиялык кароодон өтүшөт. Медициналык кароо жыл сайын жүргүзүлөт. Ал өткөрүлгөн сабактын, машыгуунун организмге тийгизген таасирин аныктап, анын маалыматы боюнча кийинки көнүгүүлөргө керектүү өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн. Медициналык кароодон өтүүдө адам ден соолугунун абалын көзөмөлдөп, өзүн өзү контролдоо керек. Жеке дене тарбия көнүгүүлөрү же спорт менен машыгууда догдур менен кеңешүү зарыл.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8