Досмамбетова Канымгүл (1935, Ак-Суу району, Түргөн айлы — 1978, Нарын ш.) — ырчы, обончу, актёр.
Досмамбетованын ырчылык шыгы айылдагы мектепте окуп жүргөндө эле башталган.
1951-ж. Караколдогу облустун драма театрында, 1953-жылдан кыргыз мамлекеттик филармониясында, 1953—58-ж. Кыргыз драма театрында, 1958—78-ж. Нарындагы М. Рыскулов атындагы музыкалуу-драма театрында иштеген.
Досмамбетованын негизги чыгармачылыгы ырчылык менен обончулук болгон; театрда коюлган пьесаларда чакан ролдорду аткарган. Анын ырларынын обондуулугу, элдүүлүгү, назиктиги, лирикалуулугу менен айырмаланат.
«Ала-Тоолук чабанга», «Билгин жигит», «Кызыл өрүк», «Кыйылып турам», «Калкысам да кайыгыңда», «Жаштыктын коркү жар экен», «Табар элек бир паста», «Унутпадым», «Түш көрүүдөн тажадым», «Анда сен», «Колхоз талаасында», «Узатарда», «Замандашыма», «Көлүмдөй сүйдүм өзүңдү» жана башка ырларга оригиналдуу, мукам обондорду жараткан.
Анын ырлары аспаптар, симфониялык оркестрлер үчүн иштелип чыккан. Көп ырларын комуздун коштоосунда өзү аткарган. Обондорунун көпчүлүгү атайын жыйнактарга чыккан.
Ырчы, обончу болуу менен бирге эле театрда да далай ролдорду ойногон.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Ысык-Көл облусу энциклопедия. Бишкек-1994-ж.