Дуңган атчандар полку Түркстан Республикасынын 1920-ж. 8-февралдагы токтому боюнча Орто Азиядагы ак гвардиячыларга жана басмачыларга каршы түзүлгөн. Верный жана Пишпек уезддеринен куралган полктун кол башчысы революционер Магазы Масанчи болгон. 1921-ж. Фергана өрөөнүндө Максум, Халбут корбашылардын, Кагар молдонун бандаларын талкалаган, Уратөбө районунун басмачылардан 3 ай коргогон. 1923-ж. басмачылардын негизги күчтөрү талкалангандан кийин таркатылган.

Колдонулган адабият түзөтүү

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамалекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.