Мисирдиктер – 1) Мисир калкы; 2) улут, Мисирдин негизги калкы (мисирдик арабдар). Араб өлкөлөрүндө, Ирак, Судан, Ливия, Сауд Арабиясы, Бириккен Араб Эмирликтери, Германия, Австралия, АКШда да жашашат. Саны 62 млн киши, анын ичинде Мисирде 58,5 млндой (2007). Араб тилинде сүйлөшөт. Негизинен мусулман-сунниттер. Этностук өзөгүн копттор түзгөн. 7-кылымда Мисирди арабдар басып алып, жергиликтүү копт, берберлер жана нубиялыктар менен аралашкан. Мисир элинин түзүлүшүнө мамлюктар жана осмон түрктөрү да катышкан. Негизги кесиби – дыйканчылык, мал чарбачылык. Карапа, темир, жыгач, тери (крокодил териси) иштетүү, зергерчилик өнүккөн. Мисирдиктер маданияты боюнча арабдарга жакын. Шаардыктар кыштан жана таштан салынган жер ортолук деңиз тибиндеги эки кабат, кедейлери дубалы топурактан согулган үйлөрдө жашашкан. Эркектер кенен ыштан, жеңдүү ак көйнөк, кышкысын судейри (жамынуучу жеңсиз сырт кийим), куфтан (жеңдүү узун чапан), башына топу кийип же селде оронушат. Аялдар кенен ыштан, кофта же жеңдүү кенен кара көйнөк кийип, белине кездеме белбоо курчанып, шалы жоолук жамынышат.

Египеттиктер

مصريين
Мамлекеттер жана аймактар

Бардыгы: 120 млн адам (2017)
 Египет — 117 673 994 адам[1]
 Сауд Арабиясы — 900 миң адам
 Ливия — 333 миң адам
 АКШ — 318 миң адам
 Иордания — 227 миң адам
 Кувейт — 191 миң адам
 Улуу Британия — 147 102 адам
 БАЭ — 140 миң адам
 Канада — 110 миң адам
 Италия — 90 миң адам
 Австралия — 65,28 миң адам
 Ирак — 66 миң адам
 Грекия — 60 миң адам
 Германия — 40 миң адам
 Нидерланд — 40 миң адам
 Франция — 36 миң адам
 Австрия — 14 миң адам
 Швейцария — 14 миң адам
 Испания — 12 миң адам
 Израиль — 11 миң адам

Тили

араб тили

Дини

ислам, христиан дини

Тууган элдер

арабдар

Келип чыгышы

семиттер

Колдонулган адабияттар

түзөтүү

“Кыргызстан” Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1

Булактар

түзөтүү